Menu

Мавлян Аскарбеков: “2010-жылы жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордо КСДП “миграция маселесин чечебиз, 350 миңден ашуун жумуш орундарын түзөбүз” деп убада кылган, 6 жыл өттү эч нерсе жасаган жок”

Бөлүшүү:

“Бул тирукмуш, Москвадагы трагедия биринчи же акыркы жолу эмес. Расмий маалыматтар боюнча Россияда бир күндө бир кыргыз жараны өлүп турат. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча мындан да көп болушу мүмкүн. Миграция, адам укугунун бузулушу маселелерин чечсе болобу деген суроону койгум келет. Ооба чечсе болот. Тилекке каршы биздин өкмөт бул жаатта эч нерсе жасабай жатат. Бул учурда Москвадагы окуя боюнча кыргыз өкмөтү күнөөнүн баарын өзүнө алуу керек. Себеби жоопкерчилик ошолордун моюнунда. Ошондуктан айтылган сындардын баары ушуларга багышталууга тийиш.

Эгер эсиме жара чыкпаса болгону далилдүү бир мисал келтиргим келет. 2010-жылдагы жана 2015-жылдагы шайлоолор алдында КСДП фракциясы өз программасында, эл алдына барып сүйлөшкөндө, шайлоочуларга убада беришкенде “миграция маселесин чечебиз, 350миңден ашуун жумуш орундарын түзөбүз, жаштарга арзан үйлөрдү, квартираларды курабыз, ошондо жаштарыбыз чет жерге агылбай мекенине кайра келет” деп, алтын тоону убада кылышкан. Булар КСДП партиясынын программасында жазылган. Андан бери 6 жыл өттү. Айткылачы, бир нерсе жасалдыбы? Эч нерсе жасалган жок. Бул бийликтин партиясы болгон КСДПнын күнөөсү.

Бүгүн бийлик бул маселерди тез арада чечүүнүн жолун табууга тийиш. Бул маселеге кабылган дүйнөдөгү жалгыз мамлекет биз эмес. Башка мамлекеттер жолун таап жатат. Ал эми биздин бийлик ойлонуп да койбойт. Маселени чечүүнүн көптөгөн жолдору бар. Коррупция менен күрөшүү жолу менен жумушчу орундарын түзүү, бизнести либералдаштыруу, инвесторлорго жагымдуу шарт жаратуу, ж.б. Булардын баары КСДПнын программасында жазылган. Бул маселелерди чечүүнүн дагы бир алгылыктуу жолу – биздин мигранттарды адам укугун сактаган өнүккөн өлкөлөр менен сүйлөшүп ошол жактарга жиберүү. Тарыхта өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү, келишим түзүү жолу менен мигранттардын маселесин чечкен мындай тажырыйбалар толтура. Себеби Россия менен Казакстанда эмгек мигранттарынын өмүрүн мойсоо, алардын укугунун бузулушу мындан ары да уланып, адатка айланып калганын түшүнүшүбүз керек.

Бүгүн ар кандай көңүл ачуучу иш чараларды, оюн, тойдон тарта парадга чейин токтотуу зарыл. Бийлик биздин эл кайгырып турганда шаан-шөкөт өткөрбөй, ар кандай шаңдуу иштерден тарта миллиард сомдор сарпталган көчмөндөр оюнун да токтотууга тийиш. Антпегенде бул өз элине жасаган ашкере кылмыш болуп саналат.

Мавлян Аскарбеков,  “Эркин Эл” саясий партиясынын төрагасы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: