Menu

Урмат Борченов, теле алып баруучу: “Көңүлүмө жакпаган текстти окуудан баш тартам”

Бөлүшүү:

Урмат Борченов теле алып баруучу катары өз ордун тапкан мырзалардын бири. Өзгөчө тунук, табиятынан уккулуктуу үндүн ээси бул жигит жакында эле бойдокчулук менен коштошту. Теле алып баруучулуктан алыстап учурда социалдык тармак менен көбүрөөк алектенип жаткан экен.

Эң кубанычтуусу жакында өзгөчө сезим болгон ата болууга камданып жаткан теле алып баруучу гезитке маек куруп, көп нерселерди айтып берди.

—Урмат, жакында эле бир башыңар экөө болду. Бойдок кездеги түндөп-күндөп баскан күндөр азайып, үйгө имерилип калдыңызбы?

—Башынан эле көчөлөп жүргөндү такыр жактырбайм. Мен үйдөн чыкпаган, ызы-чуудан алыс уй күчүкмүн. Мурунтан эле сыртта жумушум жок болсо, бүт убактым үйдө өтөт. Үйлөнгөндөн бери ого бетер эч кайда чыккым келбей, жумушум бүтөөрү менен шашып жөнөйм. Үйдө жубайың күтүп жатса, аны жалгыз калтырууга дитиң деле чыдабайт.

—Наристе күтүп жатсаңыздар керек…

—Баардык эле жаш жубайлардай биздин да көп балалуу болгубуз келет. Үй-бүлөнүн маани-маңызы келечек муун, артта калчу из – балдар түзөт. Буюрса жакында ата-эне болобуз. Ошол күндү чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Ата болуу сезимине мас болгон досторумду көрүп, өзүм да балапанымды колума алгым келет.

—Жубайыңыз аба кызматкери эмеспи, жумушун туура түшүнүп жатасызбы же иштебей калдыбы?

—Жогорудаайтып кеткенимдей ал кош бойлуу болуп, декреттик өргүүдө болууда. Үйдө эне болууга даярданып жаткан кези. Кесиби боюнча айтсам келинчегим ал кызмат жашоосундагы кесип эмес экенин өзү түшүнгөн. Кайтууга каалоосу жок.

—Сизге: «биздин жарнаманы окуп бер» дегендер көп болсо керек. Убакытты баарына табасызбы?

—Колдон келишинче баардык сунуштарга жетишип окуп берем. Бирок сейрек учурларда – саясий роликтерге, маанисиз тексттерди окуудан баш тартам. Бул менин жеке каалоом. Ага эч ким мажбурлай албайт. Көп акча төлөп жатышса деле жүрөгүм тартпаган текстти окубайм. Мени туура түшүнүшөт деп ойлойм.

—Үнүңүз негизги куралыңыз да. Ырчылардай болуп балмуздак жебей, муздак суу ичпей сактайсызбы?

—Андай эмес, жегим келген учурда балмуздакты каалашымча жейм. Муздак сууну деле ичем. Билбейм ким үнүн кандай сактайт. Бирок мен кам көрбойм. Кудайдын ушунусуна ыраазымын. Дайыма бир калыптагы үнүм менен каражат таап жатам.

—Ата-энелердин балдарына орус тилинде сүйлөшкөнү боюнча пикириңизди билдирдиниз. Бүгүнкү күндөгү тил маселеси түйшөлтөбү?

—Сындап койгон оңой. Сунуш киргизип аракет кылуу зарыл. Ар ким өз деңгээлинде сүйлөйт, ой жүгүртөт. Бир нече ирээт тил маселеси тууралуу теле шоу ачайын дегем. Юмор аралашкан, элге жага турган теле таймашты колдоп беребиз деп коюп демөөрчүлөр да, КТРК да былк эткен жок. Бир жылдай эшик каккыладым, майнап чыга элек. Бул маселе өзөктүү, актуалдуу. Себеби тил көпүрө. Баарыбыз бир тилде сүйлөшсөк ынтымагыбыз күчөмөк. Ынтымактуу элдин иши оңунан чыгат. Азырынча колдо ресурс жок. Бирок бул темада сөзсүз бир долбоор жасайм. Себеби менин тилимди айланамдагы кичинекейлер түшүнбөй атканы түйшөлтөт, ардантат, айрым учурда жиндентет.

Сезим Мураталиева

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: