Өткөн жумада вице-премьер-министр болуп отурган Толкунбек Абдыгулов Улуттук Банкка кайрадан төрага болуп келди. Аныгында банк системасында иш алып кете ала турган мындан башка кадр жокпу? Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Абдыгуловго карата: Сиз бийликтин эрке баласы болдуңуз да, сиз вице-премьер катары бир ишиңиз менен көрүнө аплган жоксуз. Болгону баңги затка байланыштуу анекдот аралашкан сөзүңүз менен гана эсте калдыңыз. Эми кайрадан Улуттук Банкка бара жатасыз Улуттук Банкты сизге 49 жылга ижарага берелиби? Көпөлөккө окшоп учуп-конуп эле жүрөсүз деп тарс жарылды. Арийне, Абдыгулов Улуттук Банкка олтурганда айлыгымды көбөйтүп бергиле деп чырылдагандан башка маанилүү деле иш кылган эмес. Бирок, негедир кайра тууруна конуп алды. Муну кантип түшүнөбүз?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ