Menu

Өкмөт өлкөнү итке мингизеби?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын бюджета жылына бери дегенде 20 миллиард сом таңсыктык менен кабыл алынат. Бюджеттин жыртыгын жамаш үчүн эл аралык финансы институттардан, ар кандай донордук уюмдардан тилемчидей болуп кайыр сурап, алардын ар түрдүү талап-шарттарын аткарабыз деп акча алмай. Бул көрүнүш кадимкидей эле «оору» болуп калды. Өкүнүчтүүсү, өзүбүз кайырчыдай карыз сурап жүрүп, өлкөбүздөгү эң кирешелүү, күргүштөп пайда тапкан бийликтеги кайсы бир таасирдүү адамдардын ишканаларын киреше салыгынан бошотуп коюшат. Мына парадокс. Мындайды «чычкан ийини-не кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт» деп коёт. Сөзүбүз кургак болбош үчүн фактыга токтололу. Өкмөт Кыргызстандагы эң ири делген 6Ока жакын ишкананы киреше салыгы-нан бошотту. Коомго белгилүү айрымдарынын атын атай кетели, «Бишкексүт», «Шоро», «ШЕР ИНК», «Шин-Лайн», «Акун», «Баркад» жана «Артезиан» сыяктуу ири ишканалар дагы бар. Мына биздин экономикалык саясаттын жүзү. Деги ырысы жок эл экенбиз.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: