28-октябрда Ош шаарында 16 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу Ош облусттук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гулбара Кенжебаева билдирип, кыз төрөт үйүнө келгенде жашын жогорулатып айтып койгонун кошумчалады.
«Кыз бизге 28-октябрь күнү Араван районунан келип түштү. Алгач 2000-жылы туулганын айткан болчу. Биз кечээ, 31-октябрь күнү аны үйүнө чыгарып жатып күбөлүгүн сураганда гана 16 жашта экенин билдик. Ал 3 кг 80 грамм салмактагы уул төрөдү», – деди башкы дарыгер.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ