Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

кбар Сүйүнбаевдин жаркылдаган жу-байы Кундуз Казыбек кызы коп ишти жону-на артып алып, качан болсо бошобой жүр-гөнүнө күбөбүз. “Марал” радиосунун негиз-ги түйшүгүн тартып, радионун бийиктикке талпынуусуна салымы чоң. Учурда “Салта-нат” каналында “Ма-хабат баяны” аттуу атактуу түгөйлөр тууралуу баяндаган сонун берүү даярдап, элдин алкышын алып жаткан кези. Мын-дан сырткары учурда “Ютуб” каналында кыргыз ырларынын, клиптеринин башын бириктирген “Ютуб-дан” расмий укук ал-ган “Соло” каналынын түзүүчүлөрүнүн бир катары кызмат кы-лууда. Эмесеушул ка-налдын максаты, иш-мердүүлүгү тууралуу Кундуз айым өзү ай-тып берсин.

– Кундуз айым, акыркы убакта тынымсыз иштин арты менен чуркап эле жү-рөсуз. Социалдык долбоор-лор менен иштеп жатка-ныңыздан да кабардармын.

– Туура, учурду “Ютуб” каналын-дагы Кыргызстана биринчи жолу түзүлгөн, жалаң кыргыз музыка-сына арналган социалдык дол-боор менен иштеп жатам. Тагы-раак айтканда, Кыргызстандагы шоу бизнес өкүлдөрүнүн клипте-рин, ырларын биз ишке ашырып жаткан каналга жайгаштырабыз. Ошол канал аркылуу ырлар элге тарайт. Биздин каналдын өзгөчө-лүгү, ырчылар менен түздөн-түз иштешебиз. Бизге чейин бейрас-мий каналдар абдан көбөйүп кет-кендиктен, бирдиктүү канал ача-лы деп ушул ишти колго алдык.

– “Ютубдан” расмий канал ачуунун жол-жобосун айта кетсеңиз?

– Биздин канал “Соло” деп ата-лат. Негизи эле “Ютубда” кандай гана канал ачылбасын, ал Америка Кошмо Штаттарынын феде-ралдык мыйзамынын негизинде, эл аралык автордук укук боюнча мыйзамдар менен көзөмөлдөнөт. Демек биз салып жаткан видео, аудиолор даты автордук жактан учук коргоого ээ болушу керек. Биз ырчылар менен түздөн-түз иштешкенибиздин бирден-бир се-беби да ушул. Кыскасы дүйнөлүк деңгээлде “Ютуб” каналы менен түз иштешебиз.

– Бул каналды түптөгөнү-ңүздөрдүн себеби?

– Чыгармачыл инсандарга ото чоң пайдасын тийгизет. Тагы-раагы, аябай жакшы жарнама бо-луп берет. Анткени учурда биз-де 200 мивден ашык катталуучу-ларыбыз бар. Бул дегендик, бир
дон ашык катталуучу көрүп жатат дегенди билдирет.

– Эгерде сиздерге жаш, жа-ңы чыгып жаткан ырчылар кайрыла турган болсо, ырларды кандай крите-рийлер менен кабыл ала-сыздар?

– Негизи бизде көркөм кеңеш бар. Ошол кеңештен талкуула-нып алынат. Бизге улуттар аралык чагымчылдыкты жаратууга үндөгөн тероризмге кандайдыр бир байланышы бар ырлар кабьш алынбайт. Адамдын аң-сезимине терс таасирин тийгизбеш керек деген сымал критерийлердин негизинде алабыз. Кабьш алуу бекер.

– Ошол көркөм кеңештин талаптарында ырлардын маани-маңызы камтыл-ганбы?

– Негизинен клиптин сапатына басым жасайбыз. Эң негизгиси бизде сапат жогорку талаптардын бири. Ал эми маани-маңызы туу-ралуу айта турган болсок, ага эл тараза, эле сынчы. Ошо жердей эле эл аныктап коет. Маани-ма-ңызы, сапаты теп келишкен ыр-ларды эл өзү көрө берет. Мындай учурлар кеп эле болгон. Эч ким тааныбаган эле ырчылар жакшы клиптин арты менен кыска уба-кыттын ичинде эле 100 миңден ашык көрүүчү топтой алган. Эл көргүсү келбесе, кээ бир ырлар көрүлбөй эле кала берет.

– Сиздер рейтинг чыгарып, эң көп көрүлгөн клиптерге стимул болушу үчүн ата-йын кызыктыруучу белек берип дегендей, таразалап турасыздарбы?

– Негизи бул каналдын ишке киргенине 1 жыл болуп калды. Элдин баары кайсы клиптер кеп көрүлгөнүн карап турушат. Биз кыска убакыттын ичинде кеп ий-гиликке жете алдык десем жаңы-лышпайм. “Ютуб” каналында 100 миң катталуучудан ашкан канал-дарга күмүш кнопка берилет экен. Биз да күтүп жатабыз. Азыр АКШ-дан келе жатышат. Кеп көрүлгөн клиптер каналдын өзүнчө бөлү-мүнө жайгаштырылат. Былтыр-кы жылы жаңы жылдын алдында 100 миңден көп көрүүчү топтогон клиптердин ээлерине атайын дип-ломдор, кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Жакында миллиондон аш’ык шрүшгек КЕИЛтерди топтоп, атайын иш-чаралардыуюштуралы деп жатабыз.

– Сиздер кайсы каналдар менен шитешесиздер? Ал-дыңкы клиптериңиздерди сурагандар болсо керек?

– Биз бир топ каналдар менен иштешебиз. Аларга абдан ыңгай-луу болуп калды. Себеби ар бир каналдан өздөрү ырчыларга же-ке чыгып клип чогултпай, сапат-туу, оригиналдарын бизден гана алып алышат. Ырчыларга да ото ыңгайлуу. Телеканалдарга өздөрү чуркашпайт.

– “Ютубда” башка каналдар бар го, ортонуздарда конкуренция барбы?

– Биздикиндей багыт менен кет-кен, окшош каналдар жок. Буга чейин мыйзамсыз каналдар бар болчу. Азыр алар иштебей калышты. Себеби мурда алар клиптерди “Ютубга” жайгаштырууда ком-мерциялык максатта колдонуп, акча табышчу экен. А азыр андай мүмкүнчүлүк жок алар үчүн. Ошол себептен иштери токтоп калды.

– А сиздер бекер салсаңыз-дар, сиздерге эмне пайда алып келет?

-Биз биринчи сапатты биринчи орунга коебуз. Эңалдыңкы ырлар-га канал тарабынан азыноолок го-норарлар да берилет.

-Демек сиздерге каржы “Ютуб” каналынан келе-би? Дегеним, сиздер буга убактыцыздарды эмнеге коротуп жатасыздар?

– Бул ото актуалдуу маселе. Кыргызстан интернет багыты, “Ютуб” каналы аркылуу иштоодо арт-та калганбыз. Маселен кошуна мамлекеттерде расмий каналдар бар. Интернетке кирген ар бир ыр ошол каналдын коргоосунда болот. Атайын бирдиктүү канал-дардан гана клиптер интернет булагына тарагандыктан көрүүчү-лөрдүн саны 100-200 миллионго чейин чыгат. А бизде андай бир-диктүү расмий канал болбогон-дугуна байланыштуу, ар ким ар кандай бейрасмий каналдан жа-рыялай берип, башаламан болуп кеткен.

Ошол себептен башаламандык-ты жоюу максатында, биздин канал атайын “Ютубдан” расмий каттоодон өтүп иштеп жатабыз. Биздин эң негизги максат – са-паттуу түрдө элге жайьштуу. Бул жерде дагы бир маселе бар. Биз мисалы кыргыз кинолорун ин-тернеттен көрүп жатканда, эгер-де ошол кинодо башка өлкөнүн ырлары колдонулуп калса, “Ютуб” каналы ал ырларды автоматтык түрдө өчүрүп салат. Анткени ал ырлардын “Ютубдан” паспорту бар. Анын укугун “Ютуб” коргоп, автоматтык түрдө биздин ырлар-дан өчүрүп салат. Анткени бейрасмий каналдардын автордук укугу корголгон ырларды пайда-ланууга акысы жок. Аны түшүн-богон эл, кыргыздардын кинолору ушундай сапатсыз деп айты-шат. Ошондуктан бардык укуктар корголуш үчүн ушундай расмий канал аба менен суудай керек эле. Жакында кинолорду салып баштайбыз.

– Баштаган ишиңиздердин ийгилигин көрүңүздөр, мае-гиңизге рахмат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: