Menu

“Дамир Мусакеев ММКларда Азиз Батукаевден кийинки эле популярдуу болгон №2 фигурага айланды”

Бөлүшүү:

Азыркы кезде биздин коомчулукта эң көп талкууланып жаткан маселелердин бири — ​“мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз, уурулук ыкма менен жаза мөөнөтүнөн алда канча мурда бошонуп кетишине байланыштуу кайра козголгон кылмыш иши болуп жаткандыгы маалым. Албетте, бул темага байланыштуу ар кандай деңгээлдеги ар түркүн, карама-каршылыктуу пикирлердин айтылып жатышы жана дагы айтыла бериши табигый көрүнүш.

Арийне, бул бүтүндөй кыргыз коомчулугунун беделине дүйнө жүзү алдында доо кетирген кылмышка башка дагы көптөгөн мыйзамдагы уурулардын (дал ушундайча — ​ар нерсени өзүнүн нукура аты менен — ​эч кандай тырмакчасы жок эле атаганда!) да катыштыгы бар экендиги ачыктала баштагандыгы — ​азыркы Кыргызстандагы түзүлгөн криминогендик абалдын канчалык оор экендигин айкын көрсөтүп туруучу таасын күзгү болуп калды.

Элдин кыжырын кайнаткан жана да коомдук-саясий маанайды кандайдыр бир деңгээлде козутуп, жандантууга себепкер болгон мындай окуялардын соңку он жылда биздин коомдо байма-бай жаралчу болуп калганы да көнүмүш нерсеге айланып бара жатат. Ошентсе да, жаңыдан гана пайда боло баштаган бир жагдай өтө кооптуу симптомго айланууда…

Бир кездеги советтик коомдун кылмыш-жаза кодексинде “уюшкан кылмыштуулук” (ОПГ) деген түшүнүк жок болуп келген. Кийинчерээк гана, Кайра куруу деп аталган доордо бул маселе катуу талкууга алынып, аны мыйзамдык атайын жобо катары киргизүү маселелси каралып жаткан кезде, советтик система өзү талкаланып калган. Башкача айтканда, дал ошол уюшкан кылмыштуулуктун өзү абдан кубаттуу, дүйнөдөгү эң күчтүү саясий системаны жок кылган олуттуу факторлордун бири болуп калгандыгы — ​талашсыз чындык!..

Азыркы Кыргызстанда кылмыштуулукка каршы күрөшүү эгемендик доорундагы “уюшкан кылмыштуулук” деген стадиядан да ашып өтүп, эми биротоло үй-бүлөлүк (же италиялык мафиялык!), кландык белгилерге ээ боло баштаган учурга күбө болуудабыз.

Кечээ жакында эле коомчулук көңүл борборуна түшкөн, мурда дээрлик эч ким аты-жытын да билбеген Дамир Мусакеевдин массалык маалымат каражаттарында Азиз Батукаевден кийинки эле популярдуу болгон №2 фигурага айланганын танууга болбойт!..

Мындай учурда мыйзамченемдүү ар кандай суроолор өзүнөн өзү туулбай койбойт: эгерде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын мурдагы башчысы болбосо, ушунчалык чоң байлыкка өзүнүн ак эмгеги жана маңдай тери аркылуу тапканы менен ээ боло алат беле? Албетте, баарын тергөө жана сот органдары аныктап, кара болсо каралап, ак болсо актап, акыркы чекитти коюшат дечи, бирок, маселенин баары — ​мыйзамсыз жол менен байыган деген шек келтирүүгө президенттин оң колу сыяктанган адамдын тиешеси бар экендигинде болуп, кайра эле мыйзамды сактоочу адамдардын өздөрү кылмышка шектүү болуп калгандыгында жатпайбы?!

Эл арасында Раим-миллион деген аты анын дээрлик расмий аты-жөнүндөй болуп, массалык маалымат каражаттары да жалаң ушундай ысым менен гана атай башташкан адамдын экс-президент Алмазбек Атамбаевге жазган ачык Кайрылуусу жарыяланды. Анда ал “Аллахтын колдоосу жана жеке аракетим менен Бажы тармагында катардагы инспекторлуктан тартып бир катар кызматтык тепкичтерди басып өтүп, Ош Бажысынын башчылыгына чейин жеттим. Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план тапшырмаларды ашыгы менен аткарып, иштеп жүрдүм.” — ​деп баштап, андан кийинки өз ара мамилелеринин курчуп кетишин “2017- жылы октябрь айында кайын эжем менен кызыңыз унаа токтотуучу жайлардын биринде орун талашып, урушуп кетип, анын кесепети мага тийди. (…) Жаңы шайланган Президентибиз кызматына киришээрден бир күн мурда, 2017-жылдын 23-ноябрында мени кызматтан алдырттыңыз.” — ​деп түшүндүрөт.

А эң кызыгы: “Мындан ары азыркы Президентибиз менен болгон өз ара мамилеңиздерге мени аралаштырбоону суранамын. (…) Аягында айтаарым мага карата ыксыз каралоону, калпты чындай кылып жаманатты кылууну токтотпосоңуз, мындан ары жөн олтурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар жана күч кубатым жетишээрлик. ” — ​деп, Кайрылуусун ормон-опузалуу эскертүү менен бүтүрөт.

Терең талдап көргөн адам байкаларлык эволюцияны баамдабай коё албайт: мурдагы уюшкан кылмыштуулук тобундагы өз ара разборкалардай жашыруун жолугушууга — ​“стрелкага” чакырбай, же анын жашаган үйүнүн эшигинин алдына барып алып, ар кандай сөздөрдү кыйкырбай эле, бир топ маданияттуу түрдө, бирок өтө чоң подтекст менен “эскертүү” берилүүдө!..

Ошол саптардын арасындагы подтексттен “сен өзүң да таза эмессиң, башка бирөөлөргө сынтаккандай, жинге тийе берсең, эгерде керек болсо өзүңдүн ашмалтайыңды чыгарамын!” — ​деген опузалоонун жыты буруксуйт…

Буга эми комментарий бербей эле коёлук. Ансыз деле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында эч шек келтирбегендерди атоо зарылдыгы туула турган болсо, балким, анын командасына кийинчерээк гана барып кошулган пресс-секретары Кундуз Жолдубаевадан башканы атай албай да кала тургандай абалга кептеле турган абал түзүлө баштады. Сапар Исаков, Икрам Илмиянов, Айбек Калиев, Дүйшөнбек Зилалиев сыяктуу эң ишенимдүү, жакын соратниктери тергөө абактарында жатышат. Эми минтип кезек анын жансакчыларына да жетип олтурат. Бул тизмедеги кийинкилери кимдер болот? Азырынча белгисиз. Арийне, тизменин дагы толукталышы эч күмөн туудурбайт!..

Канткен күндө да, италиялык мафия менен эң жогорку эшелондогу кыргыз чиновниктеринен куралган кылмыштуу топторду салыштырууга олуттуу жүйөөлөр пайда боло баштаганы эч шек туудурбайт. Ким билет, мүмкүн, дал ушундан улам коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөн эч майнап чыкпай, жылдан-жылга созулуп келе жаткандыр?!

Бул кылмыш иштери да кандайдыр бир күчтүү кландардын ортосундагы өз ара күрөшүү методуна айланган жокпу? — ​деген суроо табигый түрдө жаралат. Чуулгандуу кылмыш иштери да кайсыл бир топ бийликтен кеткенден кийин гана ачылып, жалпы коомчулук көңүл борборуна айланууда. Кантип алар мурда тиешелүү деңгээлде каралган эмес? Жооп жөпжөнөкөй. Уюшкан кылмыштуулук, үй-бүлөлүк, кландык (мафиялык) кылмыштуулуктун жазылбаган мыйзамдарына ылайык, алар бирин бири калкалап, керек болсо жаап, “крышевать” этип, колдон келсе, ошол кылмышты ачам деген адамдарды да кошуп жок кылып турууга милдеттүү!

Ансыз, бери эле болгондо, — ​сөзсүз түрдө: “сени менен кармашууга менде да күч жетиштүү, керек болсо сенин да былыктарыңды ачамын!” — ​деген сыяктуу жогоруда келтирилген сыяктуу опузалоолорго кабылышат… Кыскасы, Кыргызстандын карапайым адамдары баёолук кылып, буга чейин чын-дилдеринен ишенишип, ойлонуп келгендей, атамбаевдик бийлик коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшпөй эле (же, күрөшсө да, показуха иретинде, өз кландарына тиешелери жокторду кармоо менен гана алектенишип!), бирин-бири абдан калкалап, коргоп, ошондой кылмыштарга барып, элдин эсебинен сансыз байлыктарды жыюуга гана умтулуп жүрүшкөнү эми гана ачыкка чыга баштагансыды.

Бул дагы “еще цветочки”, андай аракеттердин толук “түшүмүн” жана уюшкан, үй-бүлөлүк кылмыштуулуктун чыныгы чен-өлчөмүнүн бизде канчалык деңгээлге чейин өсүп кеткенин эч ким билбейт. Буга ачык далилдерди жакын арада көрөрүбүзгө күмөн азыртан эле жаралууда.

Батукаев жана Мусакеев сыяктуу эле жалпы өлкө аймагынан да сыртка чейин “дүңк” эте угулуп, чоң резонанс жараткан, жана да эл аралык деңгээлдеги кылмыш жыттанган “уран маселеси” акырындык менен унуткарылууда. Бул маселени дароо эле жаап салууга болбойт. Акыр аягына чейин жеткирип, буга аралашкандардын баарын ар бир кыймыл-аракетине чейин көз жаздымда калтырбай, укуктук баа берүү зарыл. Эгерде экс-президент Роза Отунбаеванын өз туугандарына ал кенди мыйзамсыз жол менен алып берүүгө далалат кылганы ашкереленсе — ​ага карата да кылмыш иши козголушу абзел.

Ошондо гана жалпы кыргыз коомчулугу кылмыштуулукка каршы бийлик тарабынан реалдуу күрөш жүрө баштаганына ишенип, аны бардык тараптан колдой баштайт. Болбосо, жең ичинен өз ара сүйлөшүп алышкан сымал, эл алдында сүйлөгөндөрү бир башка, ал эми конкреттүү жасаган иштери андан теңирден тескери болгон бийликке кимдер ишенип, ким аны урматтай алат?! Бул суроого жооп издеп убараланыштын да кажети жок.

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин оң колу деп саналган, дагы бир СИЗОдо убактылуу “эс алып” жаткан үлкөн чиновник (Раим-миллион “досум” деп атаган) Икрам Илмияновдун ашкан байлыгы жөнүндө да эл арасында учурунда катуу сөз болгондугу маалым.

Одиоздуу фигура болуп калган Раим-миллиондун сансыз байлыктарынын түптөлүшүнө “Аллахтын колдоосуна” караганда да, алда канча таасирдүү, күчтүү, эң жогорку бийликтеги болгон адамдардын “үлүштөрү” бар болгондугунун толук далилдерин алар өздөрү эле ачыкка чыгарып салышты. Эң жогорку бийлик эшелонундагылар деле эбактан бери өз ара “разборкаларында” өтө төмөнкү деңгээлге чейин түшүп, кээде ал тургай криминалдык, “блатной” деп аталган жаргондор менен бирин-бири “туздашып”, трагикомедиялуу образды жараткан учурлар да кездешип келет.

Маселен, мындан бир жылча мурда эле айрым соцтармак каражаттарында, ал учурда мамлекеттик резиденция аймагында жашаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жашаган үйдүн терезесинин алдына бир топ кызуу болуп алып барып, жумшартып айтканда, ар кандай маданиятсыз сөздөрдү сүйлөгөнү жазылган. Ал маалыматтардын канчалык деңгээлде чын экендигин тактаган, же төгүндөгөн деле эч ким болгон жок.

Демек, ОПГ (уюшкан кылмыштуулук), МАФИЯ деген терминдер сыяктуу эле, “Мафия бессмертна!” — ​деген сымал девиз-лозунгдарды да активдүү лексикондо колдонуу деңгээлине чейин жакындап калгандайбыз.

Тергөө абагында бир жылдан ашуун убакыттан бери жатышкан эки экс-премьер-министр баштаган, эң майлуу деп саналган энергетика тармагынын үлкөн жетекчилери олтурушуп, алды сот залында жооп бере башташканы менен да, экс-президент Алмазбек Атамбаев алардын ичинен “Өз кланына тиешелүүлөрдү” гана “эч күнөөсүз балдарды камап салышты” деп, эл алдында азыркы бийликти ачык айыптап, ошол эле учурда аларга караганда салыштырмалуу мыкты иштеген жана да бул кылмышка түздөн-түз тиешеси жок Жантөрө Сатыбалдиевдин ысымын атабагандыгы да биз көтөрүп жаткан маселе үчүн абдан мүнөздүү штрих болуп эсептелет. Себеби, Жантөрө Сатыбалдиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда премьер-министр болуп иштегендигине карабастан, анын жакын командасына (же үй-бүлөлүк-мафиялык схемага жакын тургандардын тизмесине) эч качан кирген эмес!

Үй-бүлөлүк, кландык кылмыштуулук масштабы канчалык деңгээлге чейин өсүп жеткен? Алар менен күрөшүүгө мамлекеттик укук корго органдарынын жана тиешелүү кызматтардын кубаты жетеби? Же эң жогорку деңгээлдеги бийликтерде алардын адамдары олтургандыктан (Раим-миллион “досум” деп атаган экс-чиновник Икрам Илмиянов сыяктуу!), кой терисин жамынган карышкырларга “кой кайтартып” коюп, эч натыйжа чыкпай калган соң, улам “кылмыштуулук менен күрөшүү кампаниясынын кийинки жаңы толкунуна” үмүт байлап коюп олтура беребизби?

Маселенин баары эми реалдуу кадамдарга өтүп, мыйзамдын так-кыйшаюусуз аткарылышын жана да ар кандай укуктук бузууларга баргандардын баарын тең кызматына, байланыштарына карабай өздөрү жасаган кылмыш чен-өлчөмүнө жараша жазалоого жетишүүдө калды. Ансыз биздин коомчулук азыркы социалдык-экономикалык кризистен да алда канча коркунучтуу болгон Мыйзамдык-кылмыштык кризиске кабылат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: