Бүгүн, 4-декабрда Каржы полициясы “Түндүк” бажысынын төрага орун басары Элнура Мамбетжунушеваны кармаган. Бул тууралу күч органдарындагы булактар билдирди.
Элнура Мамбетжунушева Атамбаев режими учурунда, 2013-2016-жылдарда Бажы кызматынын төрагасы болуп иштеген Адамкул Жунусовго каршы ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалганы айтылууда.
Коррупциялык кылмыштарга шектелип, кылмыш иши козголгон Адамкул Жунусов быйыл жайында АКШга качып кеткени уу-дуу сөз болгон.
Анын артынан эле быйыл 28-августта Каржы полициясы Адамкул Жунусовго издөө жарыялаган. Укук коргоо органдары Адамкул Жунусовдун уюшкан тобу туруктуу коррупциялык схемаларды көзөмөлдөп келишкен деп шектенүүдө.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ