«Эл эмне дейт?» деген кепти угуп-билбегендер арбып барат. Өзүм дегенде өгүздөй күчү барлар мамлекетти айлык менен эле соруп коюшат өңдөнөт. Анткени, бир мугалимдин 2 жылдык айлыгына барабар болгон сумманы бир эле жолку айлык катары «ап» эткендер арабызда арбын тура. Маселен, Мамкаттоонун алдындагы «Инфоком» ишканасынын директору Талант Абдуллаевдин айлык маянасы 240 миң сом экен. Кайсыл эмгеги, маңдай тери үчүн? Мына ушул сумма күнү-түнү коомдун коопсуздугун, тартибин карап эмгектенген катардагы милиция кызматкеринин 2 жылдык эмгек акысы. Калыстык кайда? Же Абдуллаев деген алкымы аттыкынан чоң эмеге баары боло береби? Бул маселе Жогорку Кеңештин комитетинде дагы көтөрүлүп, Абдуллаевди кызматтан кетирүү маселеси кабыргасынан коюлду. Бирок, негедир дале былк этпеди. Балким, Абдуллаев алган айлыгынан ким бирөөлөргө бөлүшүп турабы? Үн катып койсо боло, «балашка»…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ