Жалал-Абад шаарында капиталдык салым кийирүүнү көлөмү быйылкы январь-ноябрь айларында кыйла артып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 147,2 пайызга өстү. Бул тууралуу шаар мэриясынын аймактык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.
Алынган маалымат караганда, өткөн 2016-жылдын январь-ноябрь айларында шаардагы капиталдык салым кийирүүнүн көлөмү 452 миллион сомдү түзгөн болсо, быйылкы жылдын ушул мезгилинде анын көлөмү 665,4 миллион сомго жеткен. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу капиталдык салым кийирүүнүн көлөмү 213,4 миллион сомго көптүк кылат.
Тактап айтканда, өткөн жылдын январь-ноябрь айларында шаарда 11 миң 668 чарчы метар турак жайлар курулган болсо, быйылкы жылдын ушул мезгилинде 15 миң 599 чарчы метр турак жайлар курулган жана өсүү темпи 133,7 пайызга жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ