“Коопсуз шаар” долбоору бүтпөгөн жомокко айланды. Мындай пикирин бүгүн, 1-июлда “Республика-Ата Журт” фракциясынын отчеттук жыйынында фракция лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.
“Бул бүтпөгөн жомокко айланды. Балким бул долбоорду Бабановдун баштап кеткени үчүн жасалбай жаткандыр. Бул жөнүндө ойлосом кээде күлкүм келет, кээде ыйлагым келет. 2012-жылы эле тендер өтүп, “Коопсуз шаар” программасы иштеп калганда биринчиден өлкөбүз коопсуздук менен камсыз болмок, экинчиден өлкө казынасына 100 млн доллар түшмөк. Бул деген 6 миллиард сом. Мына 6 жылдан бери эч кандай иш жасалган жок. Колдоого ала турган нерсени жасабай отурушат”, – деди Бабанов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ