Бүгүн, 28-мартта Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары башталды. Кыргыз Республикасынын өлкө башчысынын аппаратында бүгүн кандай иш-чаралар белгиленгендигин айтып беришти.
12.00дө Владимир Путинди тосуп алуу расмий салтанаты башталат. Эки мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдү алып барышат. Андан соң сүйлөшүүлөр делегаттардын катышуусунда кеңири форматта өткөрүлөт.
Эки өлкө башчы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптык документтерге кол коюп, андан соң пресса үчүн биргелешкен билдирүү жасайт.
Андан сырткары, Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Чынгыз Айтматов атындагы үй-музейге барып, андан соң сегизинчи региондор аралык конференцияга катышуу үчүн «Хаятт» отелине барышат.
Расмий иш-чаралар ушуну менен аяктайт.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ