Кечээ, 2-декабрда милиция Чубак ажы Жалиловду Ысык-Көлдө, санаторийде дарыланып жүргөн жеринен таап келип, анын экинчи аялга үйлөнгөнү боюнча 6 саат бою суракка алды. Бул тууралу анын жактоочусу Акин Токталиев билдирүү таратты.
Андан 3-4 күн мурун Алматыга дарыланууга бараткан Чубак ажы Жалиловду “Ак жол” чек арасынан чек арачылар “милиция сизди издөөгө алды” деп өткөрбөй коюшкандыктан ал Ысык-Көлгө, санаторийге барууга аргасыз болгон.
Чубак ажы Жалилов момун мусулмандардын биринин “Сиздин экинчи жолу үйлөнгөнүңүз чынбы?” деген суроосуна “Мен үйлөндүм. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга анын укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм” деп жооп берген учуру видеотасма түрүндө интернетке тараган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ