Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын бош кызмат ордуна сынактык тандоо аяктады.
Сотторду тандоо кеңешинин маалыматына ылайык, 11 талапкер документтерин тапшырышты. Алардын ичинен 4 талапкер тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллды топтой алышкан жок, 2 талапкер өз талапкерлигин алып салышты жана 1 талапкер келген жок.
Сынакка 4 талапкер катышты. Алар жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты, кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо үчүн маектешүүдөн өтүштү.
Сынактын жыйынтыгында бир талапкер соттор кеңеши тарабынан белгиленген босого баллды топтой алган жок.
Гулмамат уулу Айбек – 48,875
Имакеев Эрлис Калыбекович – 48
Сулайманов Кадырбек Култаширович – 47,375
Шаршенов Улан Ишенович – 44,001.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ