“Адамдын каза болгондугу тууралуу күбөлүктү алыш үчүн маркумдун туугандары 2 миң сом төлөптүр” – деп билдирди депутат Марлен Маматалиев бүгүн, 13-февраль күнү ЖКнын кезектеги жыйынында.
Анын айтымында, Сокулукта жарандын көз жумуптур. Анын каза болгондугу тууралуу күбөлүктү туугандары эки миң сом төтлөп, алышкан.
“Бул уят нерсе. Бул бир эле факт. Мүмкүн бардык жерде ушундай болуп жаткандыр. Ушуга көңүл буруп, карап койсоңуз” – деп өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ