Түштүк Кореядагы элчибиз Кылычбек Султанов Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин ишине нараазы экендигин билдирди. Ал Фейсбук баракчасына мындай деп жазды: «Маданият министри ооруп жатыптыр, ордунда Секимов деген неме экен. Секимов, сенсиребей сүйлөгөндү үйрөнүп алыңыз, бешигимди терметкен эмессиз! Мен Кыргыз Республикасынын туризм тармагын Корея Республикасына жарнамалоо үчүн силерден брошюра, плакат сыяктуу маалыматтарды сурап кайрылдым. Мекенибиздин туризм тармагын даңазалоо боюнча каттарыбызга бир да жолу жарытылуу жооп жазбаганыңар аз келгенсип, тигиге телефон чал, буга телефон чал дейсиз. Тармактын жетекчиси катары эң биринчи бул сиздин милдетиңиз», -деп жазат ал. Сенсиреген Секимов өзү катылган экен, Кылыч Камчиевич катыгын берет го…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ