Menu

Нурлан Акматов ЕАКтин Кыргызстан атынан министри болду

Бөлүшүү:

Евразиялык экономикалык комиссиянын Кыргызстандын атынан министри болуп Нурлан Акматов дайындалды. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Нурлан Акматовдун жоопкерчилигине Евразия экономикалык биримдигинин бажылык жөнгө салуу боюнча маселелери кирет.

Буга чейин аталган кызматта Мукай Кадыркулов эмгектенип келген. Ал өз калоосу менен аталган кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Нурлан Акматов буга чейин «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген.

2011-жылдан 2018-жылга чейин «Газпром нефть Азия» ишканасынын башкы директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары болуп эмгектенген.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: