Menu

Түштүк жана Түндүк Корея өлкөлөрү ортосундагы көзөмөл пункттарын алып салышты

Бөлүшүү:

Түштүк менен Түндүк Корея мамлекеттери чек арадагы 22 көзөмөл пункттарын жоюп, ордуна сары желектерди илишти. Эки тарап бирдей кадамга барып, куралсыздандырган аймактан аскерлерин чыгарып кетишти.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 3*4 көлөмүндөгү сары желектер эки тараптын коопсуздук күчтөрү бири-бириндеги иштер кандай кетип жатканын билүүсү үчүн коюлган. Бул алардын бири-бирине болгон ишенимин жана ачыктыгын билдирет.

Жогорудагы кадамдар 19-сентябрда эки тараптын башчыларынын саммитинде кабыл алынган чечимге ылайык ишке ашты. Пхеньяндагы бул жолугушууда ноябрь айынын аягына чейин эки тарап 11 көзөмөл пунктун алып Эки өлкөнүн лидерлери биринчи жолу бири-салууну сүйлөшүшкөн болчу.

Эске салсак, узак жылдардан бери касташып келген эки Корея мамлекети ушул жылы саясий мамилелерин жаңы нукка буруп, бир нече тынчтык келишимдерине жетишишкен.

Эки өлкөнүн лидерлери биринчи жолу бири-бирин зыярат кылып, чек арадагы талаштуу маселелерге чек коюуга киришкени маалым. Ошондой эле Пхеньянда өткөн Дүйнөлүк кышкы олимпиадага “Бирдиктүү Корея” желегинин алдында катышкан болчу.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: