Menu

Журналист Эрнис Кыязовдун депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалуусу боюнча билдирүүсү

Бөлүшүү:

…маселе кимди, качан, кантип кармап кеткенинде, ал кармалган кишинин күнөөсү бар же жоктугунда, а түгүл ал качан бошотулаарында же бошотулбашында да эмес. Башкы кеп ошол кармап кеткен органдардын өз алдынча (!) эместигинде. УКМКнын башчысы, Башкы прокуратуранын жетекчиси, Ички иштер министри – баары илгеркидей эле БИР КИШИНИН көзүн караган авторитаризмдин курмандыгы болуп келе жатышкандыгында. Кармалган киши чыгаар, камагандар бошотоор, “ураалап!” ал кишини төбөгө көтөрө ыргытышаар, бирок бул башкы утуш эмес. Кокус эртең ким президент болсо да, УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ, Сот, өкмөт, БИР ДРАКОНДУН көзүн карабаган эркин система орносо – мына ушул утуш!

Бүгүн жүрөгү эл-жер деп согуп аткандай, таза эледей көрүнгөн киши бийликтин баарын колуна топтоп алса акыр бир күн ажыдаарга айланып кетээри, аны өзү эч качан сезбей, көзү тумандап калаары Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин мисалында көрүнүүдө. Коңшу мамлекеттердеги хандык-системаны улам эле сөөмөй менен көрсөтүп, “алардан биз алдаганча алдыга озуп кеттик! Шугүр дешибиз керек!” деген примитивдүү, кайталанма мактанууну айтып өзүбүзгө өзүбүз корстон болуп, алдабайлы!

Биз жашап жаткан учурдагы система парламенттик эмес (!!!) экенин, парламенттеги күчтөр мурункудай эле ажонун көзүн караган “Алга Кыргызстандай”, “Ак Жолдой” шал орган экенин, президент эбегейсиз бийликке ээ болуп алып кошуна өлкөлөрдүн хандарындай эле каалаганын каалагандай жасап: УКМКны, Баш прокуратураны, Ички иштер министрлигин айдактап жатканын моюнга алышыбыз кажет! Кошуна хандар бизге үлгү же компас болбошу керек, “демократия” деп аталабы башка ….кратия деп аталабы аты маанилүү эмес, маанилүүсү – президент, министр, депутат, баш прокурор, жогорку кызматтагы тигил же бул чиновник кылган иши үчүн элдин каарынан коркуп тургудай, бирдеме уурдап, кымтып алуудан чочуп турган система орномоюн күрөш улана берүүгө тийиш!
Текебаев мурда-кийин кимге эмне деп сүйлөгөнү, кандай туура же туура эмес кадамга барганы таптакыр башка сөз (…). А бирок анын капыл-тапыл күч менен кармалышында (анын ордуна башка бирөө ошентип кармалса деле): илгерки акаев-бакиев заманындагыдай ӨКҮМЗОРДУК, ЧОҢ МУШТУМДУК, БИР КИШИНИН ТЫМЫЗЫН ТАПШЫРМАСЫН АТКАРГАН БАСА КАЛУУЧУЛУК элементтери бар экени өлкөдөгү демократия үчүн өтө кооптуу сигнал!!!

Эрнис Кыязов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: