Menu

Журналист Элнура Алкановага кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Журналист Элнура Алкановага каршы кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду. Анын адвокаты Жыргал Бабаев “Азаттыкка” билдиргендей, журналист Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренеси – “Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу” жана 194-берене – “Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу” боюнча күнөөлөнүүдө.

Кылмыш ишин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы козгогон. Мурдараак аталган мекеменин чечими менен Алканованын өлкөдөн чыгышына тыюу салынган эле. Анын алдында журналист Элнура Алканова БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш ишинде күбө катары суракка чакырылган.

– Бүгүн айыбын угузду. Ишти сотко жөнөтөбүз деп жатышат. Мен адвокат катары “иште кылмыштын курамы жок, кыскарткыла” деген өтүнүч киргиздим. Бүгүн же эртең жообун бериши керек, – деди Бабаев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бул боюнча комментарий бере элек.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу “Идеал хаус” шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналист жазган маалыматты “чындыкка төп келбейт” деп, жокко чыгарууну сураган.

Сөз эркиндигин коргоо комитети муну журналисттин укугун бузуу катары сыпаттап, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилигине кат жиберген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: