Бишкек шаарында коронавирустун эң көп учуру катталды. Борбор калаада 1 миллионго чукул адам жашайт. Бүгүн, 4-майга карата борбор калаабызда 231 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Алардын 34ү сырттан келгендер. Ал эми 197 адам жергиликтүү жашоочулар. Бул тууралуу өкмөттө өткөн брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.
Коронавирус аныкталган адамдардын ичинен эң көбү Ленин районунда катталган. Бул райондо 82 адамдан вирус аныкталган. Ал эми Октябрь районунда 45 адам, Биринчи Май районунда 41, Свердлов районунда 21 адамдан коронавирус илдети аныкталган.
COVID-19 аныкталган 69 жаран Бишкектеги 16 жаңы конуштарда жашайт.
Ленин району:
– Арча-Бешик – 21;
– Ак-Өргө – 3;
– Ынтымак – 3;
– Ак-Ордо – 2.
Октябрь району:
– Көк-Жар – 5;
– Кара-Жыгач – 1;
– Алтын Ордо – 1;
Биринчи май району:
– Ак-Босого – 13;
– Көлмө – 11;
– Тынчтык – 1;
– Касым – 1;
– Мурас-Ордо – 1.
Свердлов району:
– Учкун – 2;
– Керамический – 2;
– Красный строитель – 1;
– Энесай – 1.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ