Саламаттыкты сактоо министрлиги аз күн мурун жылдык жыйын өткөрүп, көп маселени талкуулады. Анда министрдин орун басары Калиев: “Тез жардам” кызматына акы төлөтүү маселеси каралып жатат. Мындай ыкма дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштейт. Биз акы төлөтүү менен “Тез жардам” кызматын оңдойбуз” – деген маанини айтты. Бул кеп учурда кызуу талкууга алынууда. Көпчүлүк каршы чыгып жатса, бул маселеге кайдыгер карагандар деле аз эмес. Кыскасы, жакынкы күндөрү “Тез жардамды” акча төлөп чакыртып калат окшойбуз. Бирок акы алынган соң, ошого жараша аталган кызмат тейлөөсүн жакшыртышы абзел.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ