“Президент кызматтык сапардан кайтып келатып, коштоп жүрчү кортежди алдырып салды”, – деп Бишкек ШИИБисинин басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
“Белгилей кетсем, жакында эле президент сапардан кайтып келип, кортежин, кайтарган автоунааларды алдырып, ызы-чуу салбай эле, аэропорттон акырын кетип калды, анын келип-кеткенин эч ким байкаган да жок. Мигалкалар болбойт, коштогон эч ким жок, трассада айдоочуларга, жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпайт”, – деп жазат Жумаков.
“Негизи эле президенттин кортежинде коштогон автоунаалар минималдуу санда. Жансакчылары да аз. Бирок коопсуздукту карай жүрүшөт. Эртең менен саат 7.30да Айтматов/Тынчтык көчөсүндө жол жабылбайт, президент жумушуна байкатпай эле кетип калат. Кээде шашылыш учурларда гана жол жабылып калышы мүмкүн”, – дейт президенттин басма сөз кызматы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ