Menu

Сапар Исаков Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 29-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы  Вячеслав Володин менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы кыргыз-орус стратегиялык кызматташуусун өнүктүрүүнүн  жогорку динамикасын белгилеп, жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

Сапар Исаков белгилегендей, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин  ушул жылы Кыргызстанга болгон сапары, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө зор түрткү берди. КМШ жана ЖККУ алкагында парламенттер аралык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлде экендиги канаттандырат.

«Биздин мамилелер союздаш жогорку деңгээлде болуп эсептелет. Мен парламенттер аралык кызматташуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтөрүнө ишенем. Бул мамилелер уюмдар ортосунда мамилени түптөөнүн пайдубалы болуп саналат», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр Вячеслав Володиндин  кыргыз жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында  Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен жүрүүгө уруксат берилишине жеке салымы бар экендигин билдирди.

Ошондой эле Сапар Исаков Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу өлкөдөгү экономиканын өнүгүшүнө оң  көрсөткүч бергенин  кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө биздин ишканалар чындыгында жанданды. ЕАЭБдин алкагында талаптар чыгарылган азыктардын сапатын жакшыртууга шарт түздү. Россиянын жардамы менен биздин лабораториялар менен сырткы чек аралардагы көзөмөл-өткөрүү пункттары заманбап жабдуулар менен камтылды», — деди Сапар Исаков.

Аны менен бирге Өкмөт башчы эки мамалекеттик чечими менен баштапкы капиталы 500 млн. АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фонду өлкөдө орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө зор түрткү бергенин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө 250 млн. АКШ долларынын тегерегинде насыя берилди. Кубандырганы өндүрүш биздин бардык аймактарда жандана баштады. Бул аймактарды өнүктүрүүгө зор салымын кошот»,-деди Сапар Исаков.

Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы  Вячеслав Володин Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктап, бүгүнкү жолугушуу эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдөөгө жаңы дем бере турганын билдирди.

«Биз Кыргызстандагы кесиптештерибиз менен тыгыз кызматташтыкта иштейбиз. Биз бүгүнкү жолугушуу эки тараптын мыйзамдуулук жана аткаруу бийлигинде болуп жаткан маселелерди чечүүгө жакшы жардам берерине ишенебиз», — деп, баса белгиледи Вячеслав Володин.

Ал эки тараптуу мамиле достук жана ишеним принцибинде түптөлгөнүн өзгөчө белгиледи.

«Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп эсептелет. Бул эки өлкө ортосундагы билим берүү жана жаштар саясаты тармагында тыгыз кызматташууга жол ачат. Мындан сырткары бул кыргыз экономикасынын биздин өлкөдө активдүү болушуна шарт түзөт. Анткени тил эки  элдин достугун бекемдөөдө мааниси зор», -деди Вячеслав Володин.

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан Президенттик шайлоонун алдында турганын билдирди.

Ал ата мекендик шайлоо системасы биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен шайлоодо жасалмалуулук фактыларына бөгөт коёрун кошумчалады.

Ал ошондой эле Россия тарап шайлоодо байкоочу катары мониторинг жүргүзүүгө активдүү катышарына ишенерин  баса белгиледи.

Тараптар санариптик экономика долбоорун ишке ашыруу этабын жана аны Кыргыз Республикасында колдонуу тууралуу талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: