1976-жылы туулган Салагубов Сергей Викторович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Сергей Салагубов өткөн жума 3-январь күнү Ысык-Ата районундагы Хунчи айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Бою 175 см, чачы кара, көздөрү көк. Ал боз түздөгү топу, жашыл куртка, кара шым жана бутуна көлөч кийип жүргөн.
Сергей Салагубов тууралуу маалымат билгендер болсо Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 61-69-07, 0(708) 45-78-46, 0(707) 25-79-02, 0(701) 88-62-95 номерлери аркылуу кабарлап койсоңуздар болот.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ