Кечээ, 6-январда кыз-келиндер арасындагы мыкты балбандардын дүйнөлүк рейтингинде 1-орунду ээлеген дүйнө чемпиону, биздин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Италиядагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, “Matteo Pellicone 2020” турнири 15-18-январда Италиянын Рим шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан үч спортчу кыз катышат. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Нураида Анаркулова, Айпери Медет кызы
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ