Бүгүн, 8-ноябрда чет өлкөдө жүргөн Таалатбек Масадыков 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катышпай тургандыгын расмий жарыялады жана бүгүнкү бийликтин мыйзамсыз кадамдарын сынга алды.
“Бир айдан бери мамлекетибизде башаламандык болуп, жаңы бийлик ар кандай катачылыктарды кетирип жатат жана мыйзамдарыбызды дагы туура эмес колдонуп, чоң катачылыктар кетип жатат. Ошонун далили – өзүңүздөр көргөндөй биздин тегерегибиздеги коңшу мамлекеттерибиз жана батыш менен чыгыш бизге түшүнбөстүк жана ишенбестик менен карап олтурат, биздин жаңы өкмөт менен мамиле түзүүдөн баш тартып жатышат “, – деди Масадыков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ