ЖЭБтеги «жемкорлуктун» арты менен темир торго кирген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков «жатып өлгүчө, атып өл» деген принципке өткөн окшойт, адвокаты Нурбек Токтакунов аркылуу ар түрдүү жоромолдорду токуп, «арсылдай» баштады. Алардын сөзү боюнча, ЖЭБти модернизациялоодогу коррупция боюнча айрым депутаттарды дагы жоопкерчиликке тартыш керек имиш. Айтсак, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев жана Кожобек Рыспаев Кылмыш кодексиндеги «Шалаакылык» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелеринин негизинде жоопкерчиликке тартылышы шарт дейт. Бу Сапаш Жогорку Кеңештеги депутаттарды «саясий өлүктөр» дегенде тагдырына мышык ыйлаган эле, эми п кеткени калды окшойт.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ