Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги “Профсоюз үйүнүн” алдында “Мирбек Асанакунов кызматынан кетсин!” деген чакырык менен профсоюз мүчөлөрү митингге чыгышты. Мирбек Асанакунов Кыргыз проффесионал союздарынын төрагалыгына Алмаз Атамбаевдин кийлигишүүсү менен дайындалган КСДПчы.
Ал бул кызматка дайындалгандан кийин документтери жасалма экени билинип калып, укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогон. Бирок Атамбаевдин кийлигишүүсү менен ал иш убактысы өтүп кетти деген шылтоо менен токтотулган, сот тарабынан акталган эмес.
Ошондой эле Мирбек Асанакуновду профсоюз мүчөлөрү бир нече жылдан бери коррупцияга жана өзбилемдикке айыптап келатышат. Ал жетекчи болуп келгенден кийин өзүнө жакпаган кишилерди кызматтан мыйзамсыз бошоткондугу боюнча арыздануулар көбөйгөн. Алардын бири, митингдин катышуучусу Жийдегүл Чотурбаева төмөнкүлөрдү айтып берди.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ