Menu

Видео – Алмаз Атамбаев, экс-президент: “Атамбаев партияны башкарбайт, мамлекет сыяктуу эле өткөрүп берет, мен 63кө чыктым”

Бөлүшүү:

“Мына, менин катарымда турган, мен тааныштырып өткөн партиялаштар сиздерге партиянын алдыдагы эки-үч ай ичиндеги өткөрө турган иш-чараларын айтып берет”, – деп билдирди бүгүн, 22-февралда Алмаз Атамбаев КСДПнын маалымат жыйынында.

“Анан партияда күтүлуп жаткан жаңылыктар боюнча айтып берет. Мен болсо эми силерге айтат элем, көнүп баштагыла эми, Атамбаев түбөлүктүү эмес, 63кө чыктым, кээ бирлер айткандай Атамбаев партияны башкарбайт, мамлекетти башкаргандай эле өткөрүп беребиз. Мен ишенемин, мен ойлойм, партияны ким башкарса дагы кудай буйруса, партия өзүнүн духу, өзүнүн жүрөгүн сактап калат деп. Биздин партия эң кыйын кезеңдерде өзүнүн сөзүн айтчу, эң кыйын кезеңдерде дайыма эл менен болчу. Эч качан биздин накта партиялаштарыбыз өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн элди алдаган эмес”, – деди Атамбаев. Бул сөздөрдөн кийин Атамбаев маалымат жыйынын таштап чыгып кетти. Журналисттердин калган суроолоруна Атамбаевдин орун басарлары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкмна жана башкалар жооп берип жатышат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: