Эртең, 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө абал тартиби 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет. Аталган аймактарда комендатуралар түзүлөт.
Такталгандай, Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.
Ички иштер министрлигинин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Нурдинов Малик Апсаматович Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды.
Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Джоробеков Женишбек Мамаюнусович Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, 23-мартка карата Кыргызстанда таажывируска чалдыккан 2 жаӊы учурлар катталган. Кыргызстан боюнча таажывирусуна менен ооруган адамдардын саны – 16. Алар: 7 эркек, 9 аял.
Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталган. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ