“Азыр бир адам өзүнүн үйүнө 400 адамды каттоого тургузуп жатыптыр” – деп билдирди депутат Абдывахап Нурбаев, бүгүн, 13-февраль күнү ЖКнын кезектеги жыйынында.
Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлүнө кайрылып: “Үйдүн ээлери негизинен паспорт столунда иштешет экен. Алар силерге карайт да. Бул аракеттер мыйзамдуубу?” – деп сурады.
Каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Тилек Батырканов: “Эгерде үйдүн ээси макулдугун берсе, анда каттоого тура алат” – деп жооп берди.
Мындан сырткары Тилек Батырканов айтылган маалыматтар текшерилип жатканын, жыйынтыктары айтыларын билдирди.
Депутат Абдывахап Нурбаев үйүнө каттоого тургунзган адамдардын аты-жөнүн айтылышы керектигин белгилеп, коомго жарыяланышы керектигин билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ