КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрында чыккан №392-б буйругунун негизинде Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 1-октябрында саат 10:15те КР ӨКМнин (9 оор жүк ташуучу, 1 күйүүчү май ташуучу, 1 тез жардам кызматынын) унааларына товардык-материалдык баалуулуктар жүктөлүп, экспедиция мүчөлөрүнүн коштоосунда Ош шаарынан чыгып кетишти. Саат 17:50дө Алай районунун Сары-Таш чек ара заставасына жетишип, түнөп калышкан.
2017-жылдын 2-октябрында саат 07:45де андан ары жолун улашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ