Menu

Ашынган КСДПчы Алга Кылычев “Кыргызтудэй” сайтын 70 миллион сомго сотко берди

Бөлүшүү:

Мамлекеттик “Дан” ишканасынын келишим боюнча деректири, ашынган КСДПчы Алга Кылычев Кыргызтудэй сайтына, анын журналисти Бегалы Наргозуевге жана активист Мавлян Аскарбековго 70 миллион сом доо артып, сотко бериптир.

Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда тараптар жолугуп, экинчи отурум 17-апрелге дайындалды.

Алга Кылычев сайтта 2016-жылы 28-февралында жарыяланган активист Мавлян Аскарбековдун КСДПчы Алга Кылычев тууралу ойлору чагылдырылган макалага эми ызаланып, ар намысын коргоп жана 70 миллион сом өндүрүп берүүсүн суранып арыз жазган. Кылычев өзүнүн кадыр-баркын өз партиясынын лидери Атамбаевдин кадыр-баркынан да 20-25 эсе көп баалагандыгы таңгалычтуу.

Чындыгында ал макала дайджест материал экенине карабай Алга Кылычев “ал макаланы Бегалы Наргозуев өзү эле жазган, анан жок эле бир сайттын атын коюп койгон” деп доомат артып, акча өндүрүүгө аракет кылат. Бизде ал материалдын дайджест экенин далилдей турган скриншотторубуз бар.

2016-жылдын башынан бери сотко бербей жүрүп, эми эки жыл өткөндөн кийин ал маалыматтын алгачкы булагын интернет айдыңынан таппай калып, эми Кыргызтудэйди сотко бере берсе болот деп чечсе керек. Ага анчалык кубанбай туруңуз, алгачкы булакты биз таап беребиз.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: