Menu

Видео – Абас Чикеев: Мээрбек Мискенбаев 17-марттагы митингине аксакалдарды кантип алдап чакырган…

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары, атактуу обончу жана диктор Абас Чикеев 17-март күнү Атамбаевдин жеке менчик “Форум” ишканасынын алдында Апрель Баатыры Мээрбек Мискенбаев өткөргөн митингге кантип барып калганын айтып берди.

“Мен азыр Аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштейм. 17-март күнү “Форумдун” жанында Аксы окуяларын эскерген жакшы митинг болот, аксакалдар катары катышып бериңиздер деп суранышканынан барып калдык. Алгач жакшы эле өтүп жаткан, Аксы окуяларын эстедик. Анан эле жанагы Мээрбек Мискембаев деген неме чыгып сөз сүйлөп кирди. Сүйлөп атып эле башка темага өтүп, “тиги Асилбек Жээнбеков агасынын алдында эмне депутат болуп олтурат, депутаттыгынан кетсин” деп кирсе болобу. Биз түшүнбөй калдык. Мискенбаев “Айкөл Ала-Тоо” деген уюмдан экен, ошол уюмунун ишин эле кыла бербейби, өкмөткө асылып эмне кылат? Өкмөткө, элге Мискенбаевдин кандай тиешеси бар? Кыргыздар бири-бирин колдогондун ордуна ушинтип бутунан тартып турушат. Бизди ал жыйынга эмне алдап чакырышат? Анан Мискенбаев сүйлөп бүтүп “ушуну колдоп резолюцияга кол көтөрүп койгула” десе болобу. Ушу кантип болсун? Бир топ кишини алдап чакырып алып, анан өзүнүн сөзүн айтып алып “ушуну колдоп резолюция кабыл алалы” дегени алдамчылык да. Ал боюнча элдин пикирин угуп, жабыла кеңешип, анан резолюция кабыл алат да. Үч-төрт киши өздөрү сүйлөп алып, анан ошол боюнча резолюция кабыл алдырып коюшабы. Биздин да башкача ойлорубуз бар да. Мен муну туура эмес деп ойлойм. Бул элди алдагандык. Биз мал эмеспиз!”, – деп билдирди Абас Чикеев.

Видео: Format312

КСДПчы экс-депутат Мээрбек Мискенбаев 15-мартта ММКларга интервью берип, “17-мартта “Форумдун” алдында митинг уюштурам, ага Кыргызстандын 7 облусунан 2000 делегат келет” деп убада кылган. Бирок митинг бүткөндөн кийин жергиликтүү ММКлар “митингге 300 эле киши катышты” деп жазышты. Андан сырткары коомдук активисттер Мискенбаевдин кат аркылуу суранычы боюнча КР Билим берүү министрлиги (Cапар Исаковдун өкмөтү деп билиңиз) ал митингге 300 дөй студент алып барып катыштырганын далилдеп чыгышты.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: