Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банктан алган турак-жай ссудасынын калган бөлүгүн толугу менен төлөп бере турганын билдирди. Белгилей кетсек, коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан бул окуя боюнча Башкы прокуратура учурунда текшерүү жүргүзгөн. Анын натыйжасында ссуданы эсептен чыгарууда мыйзам бузуу болбогону аныкталган. Буга карабай, Улуттук банктын төрагасы ссуданын эсептен чыгарылган бөлүгүн да толугу менен мамлекетке төлөп берүүнү чечти. Муну төрага өзүнүн жана Улуттук банктын аброюна шек кетпесин деген ниетте ишке ашырмакчы. Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилген. Жалпысынан, 2000-2018-жылдары Улуттук банк өз кызматкерлерине турак-жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ