31-октябрда ЖК жыйынында Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык жана жаза таюу кодекстерине өзгөртүү киргизүүнү үчүнчү окууда талкуулашты.
Өзгөртүүнүн демилгечиси депутат Талант Мамытовдун пикиринде, улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн УКМК мыйзамдуу негизде ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүүсүн камсыз кылуу керек. “Биз бирдей пикирге келдик. Чалгындоо менен контрчалгындоо адистигин эсепке алган бизде мыйзам жок, ошондуктан жаңысын кабыл алышыбыз керек”, – деди ал.
“Атайын кызматтарга суроом бар. Силер өз ишиңерди кылып жатканда, бардыгын Бирдиктүү кылмыш реестринен өткөрүүгө туура келип калса кандай болуп калат?” – деп Дастан Бекешов нааразы болду.
УКМК өкүлү КПКнын жаңы редакциясына ылайык, сотко чейин текшерүү бирдиктүү кылмыш реестрге катталгандан кийин гана мүмкүн болорун айтты. “Талант Мамытов мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн фактыны Бирдиктүү кылмыш реестрине киргизбей туруп, атайын кызматтарга аңдууга уруксат бердиртип жатат”, – деди өкүл.
“Бизде ыкчам издөө иш-чараларынын системасы бар, ошонун арты менен силер соттун чечими жок эле бардыгын аңдып, тыңшай аласыңар. Анын эми кайра террорист же экстремист деген шылтоо менен каалаган жаранды тыңшаганга уруксат берип жаткандайбыз”, – деди Бекешов.
Анын сөзү менен депутат Мирлан Жээнчороев да макул болду. Ал эми спикер Жумабеков депутаттарды террористтик чабуулду алдын алуу үчүн бул мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр добушка кетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ