Menu

Видео – Москвада мекендешин уурдап, агасынан 200 000 рубль талап кылышып, “мындан соң ай сайын 100 000 рубль бересиң” деп коркутушкан топ кармалды

Бөлүшүү:

Москвада өз мекендештерин тоноп, акча каражатып опузалап талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КРнын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө азият түспөлүндөгү белгисиз адамдар кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенишип, өз мекендештерин ар кандай шылтоолор менен  тоноп, акча каражатып опузалап талап кылып жүрүшкөндөрү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшүп турган.

Ошондой эле, Москва шаарында жана Москва облусунун аймагында опузалоо максатында  ишкерлик менен алектенишкен (кафе-ресторандар, курулуш базарлары, курулуш иштери, таксисттер ж.б.,) жарандарга көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жатышкандары боюнча дагы ыкчам маалыматтар болгон.

КРны ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү менен өз мекендештерин опузалап талап кылган адамдарды аныктоо жана
кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Андан сырткары, жогоруда айтылган кылмыштуу топтун колунан жабыр тарткандарды аныктоо боюнча иш-чаралар жагы жүргүзүлгөн.

Ушул жылдын декабрь айында 36 жаштагы жараны кайрылып, Москва шаарынын Нижегородская көчөсүнөн белгисиз адамдар Ош облусунун Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган тургунун уурдап кетишкен. Андан соң кылмышкерлер
байкесин токойго алып барышып, бычак менен денесине  жаракат келтиришип, 200 000 рубль талап кылышып, мындан соң ай сайын 100 000 рубль берип турасын деп күч колдонуп коркутушкан.

Аталган факты Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык бөлүмүнө катталып, опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

Ушул жылдын 12-декабрь күнү акча каражатын накталай алып жаткан жеринен адамды уурдоо, опузалап талап кылуу боюнча оор кылмыштарга шектелип жатышкан  Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.

1) 1997-жылы туулган Н.А., Ош облусунун Алай районунун  тургуну;

2) 1999-жылы туулган М.М., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;

3) 1997-жылы туулган Ш.И., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;

4) 1988-жылы туулган И.Д., Ош облусунун тургуну;

Кармоо учурунда алар активдүү каршылык көрсөтүшкөн. Кылмыш жасалган жеринен белгиленген акча каражаты, 3 бычак алынып, алар кылмыш ишинин материалына бекитилди.

ИИМдин КМКнын Кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалгандардын бирөөсү Кыргызстанда УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Россиядагы Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча жогорудагы факты боюнча Москва шаарынын Тергөө комитети тарабынан РФдин Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинде (Адамды  урдоо), 163-беренесинин 2-бөлүмүнун а,в пунктарында (Алдан ала бүтүмгө келүү менен  зомбулук көрсөтүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу)көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар тергөөнүн аягына чейин Москва шаарынын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагыдай кылмыш иштерин тактоо жана аларды жасоого тиешеси барларды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: