Menu

“Азаттык” менен “Клооп” журналисттик иликтөөнүн уландысын чыгарды

Бөлүшүү:

Мурунку бөлүктө айтылгандай, Ыстамбулда өлтүрүлгөн кытай бизнесмени Айэркен Саймаити өлөрүнүн алдында Кыргызстандан миллиондогон долларларды кимдер чыгарганын, кыргыз аткаминерлеринен ким жардам бергенин айтып берген.

“Клооп” менен “Азаттык” журналисттеринин айтымында А.Саймаити эки этникалык уйгур менен байланышта болгон – “Мадина” базарындагы соодагер Хуфур Абдурахеман жана таксист Хусан Керимов.

Иликтөөнүн натыйжасында Кыргызстанда жашыруун чабармандар түйүнү иштегени, алар аркылуу өлкөдөн миллиондогон долларлар чыгарылганы айтылат. Хусан Керимов дал ошондой чабармандардын бири болгон. Эскерте кетсек, анын жансыз денесин “Манас” аэропортунун жанында машиненин жүк салган бөлүгүнөн 2019-жылдын 24-октябрында табышкан. Ал күнү Хусан Кыргызстандан Ыстамбулга (Түркия) накталай 1,6 млн долларды жеткириши керек болгон.

“Негизинен бардыгы алдын ала сүйлөшүлүп, саат-сааты менен жасалчу экен: ал алдын ала берилген номурга чалып, аны терминалдан киши тосуп алып, акчаны алып, учакка түшүп, Ыстамбулга кете берген. Учар алдында селфи кылып, ал сүрөттү кураторго жөнөтөкөн, ошентип “жүк” коопсуз экенин айкындаган”, – деп жазышат журналисттер.

Анын куратору – 10-ноябрда Ыстамбулда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити болгон. Ал ушундай чабармандардан турган түйүндү уюштурган. Анын кол астында ондогон жигиттер иштеген. Алар улам сайын Бишкек-Ыстамбул рейси менен учуп, накталай акчаларды жеткирип турушкан. Ар бир баштыкта – жүз миңдеген доллардан миллиондорго чейин жетип турган.

Керимов жоголуп кеткенде, Саймаити документтерди журналисттерге берүүнү чечет, ал документтер 77 млн доллар чыгарылганын тастыктайт. “Реалдуу сумма мындан бир канча көптүк кылса керек. Саймаити бир нече жылдын аралыгында ал түзгөн түйүн миллиарддаган долларларды Кыргызстандан чыгарган”, -дейт журналисттер.

Журналисттер дагы бир нече чабармандар менен байланышкан. Алар да акча ташыгандарын тастыктап беришиптир. “Ким менен сүйлөшпөйлү, бирөөсү да расмий тараптар текшерүүгө аракет да кылбаганын айтышты”, – дейт журналисттер.

Ал эми Хуфур Абдурахеман коллектор болгон, чет өлкөгө кетчү акчаларды дайыма чогултуп берип турган. Ал узак мезгил бою “Мадина” базарындагы кафеде ашпозчу болуп иштеген, соодагерлердин ишенимине кирген, өзгөчө динди катуу кармаганы үчүн. Жергиликтүү соодагерлер ага акчасын каттырышып, ал акчалар кийин чет өлкөгө чыгып турган.

Эскерте кетсек, 37 жаштагы Хуфур Абдурахемандын жансыз денеси 2019-жылдын 19-октябрында Нарын облусунун Кочкор районунан табылган.

Керимов ташыган акчалар Кыргызстандагы базарларда иштеген соодагерлерге тиешелүү. “Негизинен чабармандар жеке жана Кыргызстандагы көптөгөн базарлардагы дүңүнөн саткан соодагерлерди тейлешет. Алар товарларды Түркия менен Кытайдан накталай акчага сатып алышат. Бул кеңири тараган практика Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келет. Бүджет бажы төлөмдөрүнөн куржалак калып, түздөн-түз салык төлөчүлөргө зыян алып келет, анын үстүнө каражаттардын пайда болушунун мыйзамдуулугун аныктаганга мүмкүнчүлүк бербейт”, –деп айтылат иликтөөдө.

“Бул жашырылган көмүскө акчалар. Биринчиден, бажы төлөмүнөн жашырылат. Экинчиден, салыктан. Үчүнчүдөн, финчалгындоо кызматынан”, – деп журналисттер “Манас” аэиропортунун өздүк коопсуздук кызматынын мурагы башчысы Самат Исабековдун айткандарын келтиришет.

Мындан тышкары Саймаити кытай бизнесмени, таасирдүү кландын башчысы Хабибула Абдукадырдын акчаларын Кыргызстандан чыгаруу үчүн өзүнүн чабармандар түйүнүн пайдаланган.

Саймаити журналисттерге накталай акчалар ташылганы боюнча 48 декларацияны берген. Анын 31 чабармандардын колу менен толтурулган, алар Саймаити Абдукадырдын үй-бүлөсү менен кызматташып жүргөндө иштешкен. Бул декларацияларга ылайык, чабармандар Ыстамбулга эки айда – 2016-жылдын сентябры менен октябрында – 27 млн доллардан ашык акча жеткиришкен.

Чабармандар декларацияларда 22 жолу жеткирилген акчалар Palvan компаниясына тиешелүү экендигин көрсөтүшкөн, ал эми Palvan – Абдукадырдын үй-бүлөсүнө тиешелүү.

Түрктөрдүн бизнес-реестриндеги маалыматтар  Palvan Insaat Turizm Lojistik Sanayi Ticaret LTD компнаиясы бар экенин тастыктайт. Ошол эле реестрге ылайык, ар кайсыл мезгилде бул компанияга Абдукадыр үй-бүлө башчысы Хабибула, эки уулу ээлик кылган. Хабибуланын жубайынын ысымы Мария Палван.

Чабармандар Абдукадырдын акчаларын Ыстамбулга жеткирип турганда, Саймаити аларды өзү аэропорттон тосуп алып турган, бир бөлүгүн банкка алып, өзүнүн, ошондой эле аялынын же Абдукадырдын компаниясынын эсебине салып турган. Чабармандардын бажы декларациялары бул акчалар мыйзамдуу экенин банк кызматкерлерине көрсөтүү үчүн пайдаланылган.

“Көпчүлүк чабармандар жеткирилген акчаларды өздөрүнүкү кылып көрсөтүшкөн. Компаниялардын кыргыз реестринен издегенибизде, чабармандардын биринин да өз компаниясы болгон эмес, болгондо ал компаниялар мынча акчанын кайдан чыкканын түшүндүрүүгө аргасыз болушмак. Бул чабармандар чоочун акчаларды жеткирип турганын айткан Саймаитинин сөздөрүн кошумча тастыктайт”, -деп белгилейт журналисттер.

Өздөрүнүн кооптуу кызматы үчүн чабармандар аз эле акча алышат – бир барганы үчүн 5 миң сом (70 доллар), бирок 200 доллар алышса деле болот эле (Кыргызстанда орточо айлык акы – 240 доллар).

Иликтегендердин маалыматына ылайык, Саймаити сатуучулардан комиссиясына чабармандар аркылуу жеткирилген ар бир 10 миң доллар үчүн 25 доллар алып турган. Ошентип ар бир жиберилген миллион доллардан колуна 2,5 миң киреше таап турган.

Бул акчаларга Саймаити чабармандар үчүн Ыстамбулга жана кайра Бишкекке кеткен билетти сатып берип, бажычыларга да “бармак басты, көз кысты ” кылганга берип турган.

Бажычылардын кол кабыш кылганы – бул схеманын иштешине негизги себеп болгон.

Бирок бардык эле чабармандар декларация толтуруп ачык иштеген эмес. Кээде чабармандар акчаларды кол баштыкка салып, акча алган бажычылар эч нерсе көрбөгөндөй болуп коюшчу.

“Бардыгы буга көз жуумп келген. Биз “Манас” аэропортунан ар дайым акча ташылып турганын өз көзүбүз менен көрчүбүз. Аларды тартып алган видеолор буга далил боло алат”, – деп журналисттер “Манас” аэропортунун өздүк коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Самат Исабековдун сөзүн келтиришет.

Анын байкоосунда, ал иштеген учурда чабармандар “Манас” аэропортунан контрабанда менен Кытайга эле жумасына 30-40 млн доллар ташып турушкан. Накталай акча Үрүмчүгө болгон рейс менен кетип турган.

“Аэропортто акчаны катып өтүү өтө кыйын. Жүк рентген аркылуу өткөндө, бардыгы акчалар жатканын көрүшчү, – дейт ал. – Үрүмчүгө учкандар тыкыр каралат. Ошондуктан ири бизнесмендер бажычылар менен алдын ала сүйлөшүп, “баланча күнү баланча рейс менен бастанча миллион жөнөтүлөт”, – деп турушкан”, – деп журналистер маектештин айткандарын келтиришет.

Ал эми параны бул ишке тиешеси бар ар бир киши алып турган. “Менин угушумча, ар бир миллион үчүн аткаминер 2 миң доллар алчу. Ал эми бажы кызматы ал сумманын 1 миң долларын алып койгонун так билем”, – дейт Исабеков. Калган акча башка бөлүмдөр, башка органдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

KygyzToday.kg кыргызчылады

Булак: 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: