Menu

Камчыбек Ташиев, экс-депутат: «Роза Отунбаева жана чоң кызматтарда иштеген бир топ адамдар мамлекетти жок кылат»

Бөлүшүү:

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюштурулган феминналеге реакция кылып, белгилүү адамдардан жөнөкөй кишиге чейин өз пикирин айтууда жана жазууда. Ал тууралуу пикирин экс-депутат Камчыбек Ташиев да өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына аркылуу билдирди.

Анда ал: “Урматтуу уюткулуу кыргыз элим! Бизди, мамлекетти, кыргызды ичинен ириткен ушул гей-пейлер. Ошолорду колдогон Роза Отунбаева жана чоң кызматтарда иштеген бир топ адамдар мамлекетти жок кылат! Андайларга жол бербей, мамлекетти сактап калып, каада-салтты, тарыхты кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү милдетибиз. Бардык мүмкүнчүлүктөр менен күрөшүшүбүз керек!
Мамлекет башчыбыз, укук коргоо органдары чара көрүңүздөр! Элдин тагдыры турган жерде жумшактыктын кереги жок. Эгер колдон келбесе, дух жетпесе, анда бизге айткыла, жардам беребиз! Жана кыргыз элибиздин келечеги үчүн тобокелчиликке барууга даярбыз. Чочулабагыла, бул шпиондордон элибиз колдоп алат!”,-деп жазган К.Ташиев.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал кечээ, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен токтотулду жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулду. Ал министрдин басымы менен эмес, коомчулуктун кысымы менен кызматтан кеткенин жана коомчулук буга даяр эместигин айтты. Ага өзү түрткү болду, себеби, феминналеде дырдай жылаңач кыздар чыкса, жиптерге: “Аборт кылууга менин укугум бар”,-деп жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылган ич кийимдер кир кыпчыткыч менен илинген. Ага коомчулук катуу реакция кылып, намыстуу кыргызымдын жигиттери ага каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурду. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирди. Ага катышкан активист жарандар: Айбек МырзаТөрөкан Жунусбеков жана акциянын уюштуруучусу Мелис Аспеков ойлорун ортого салып, сунуштарын айтты. Ал эми аны уюштурган куратор Алтын Капалова аны искусство деп, ага теригүүнүн кереги жок деп эсептейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: