Menu

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров Атамбаевдик “Форумдун” көрсөтмөсүн аткардыбы?

Бөлүшүү:

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров зкс-президент А. Атамбаевдин бүгүнкү кеңсеси эсептелген “Форумдан” көрсөтмө алып турабы деген ойго кептелдик. Антип ойлоого толук негиз болууда.

Дегенибиз, экс-президент 22-февралда “Форумда” журналисттерди чогултуп, адаттагысындай актанып, Жактанып жатканда, ага удаалаш Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров да маалымат жыйынын өткөрүп, анда көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан кеп айтты. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин экс-президенттердин кол тийбестигин алууга байланышкан мыйзам долбоору жөнүндө сөз кылып, ал мыйзам күчүнө кирген күндө да экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата иштебей турганын кыйытты.

Конституциялык палатанын төрагасы катары тигил же бул мыйзам долбоорлоруна пикирин айтууга укугу бар. Бирок али кабыл алынып, күчүнө кире элек мыйзамга комментарий берүүгө укугу бар беле? Эркинбек мырзага экс-президентке удаа маалымат жыйынын өткөрүп, анда экс-президентти коргоп, жактаган кебин айтууга эмне күч келди? Анын маалымат жыйынын да, анын айтканын да кокустук дегенге болобу? Албетте, жок. Анда Эркинбек Мамыров Атамбаевдин протежеси катары азыр да ага тымызын “кызмат” кылып келеби?

Ал эми Эркинбек Мамыровдун “мыйзам күчүнө кирсе экс-президенттерге карата иштебейт” деп айтканы канчалык негиздүү? Буга Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова менен ЖК депутаты, мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири Курманкул Зулушев “Азаттыкка” өз пикирлерин билдиришти.

Клара Сооронкулова, Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү:

– “Мыйзам артка иштебейт” деген бул жаңыдан кире турган юридикалык жоопкерчиликке гана. Бул жерде мыйзамдын процедуралык укуктук-ченемдери кабыл алынып, экс-президенттин макамы өзгөртүлүп жатпайбы. Мыйзам артына иштебейт деген принцип жок. Ошондуктан өзгөртүү туура эле.

Анан дагы “Мыйзам ченемдик актылар тууралуу” мыйзамда “мыйзам артка иштебейт, эгерде иштелип чыккан ченемде башкача көрсөтүлбөсө”- деген шарт бар. Мыйзамда ошол ченемдин өткөн учурга карата иштөөсүн жанагы процедуралык өзгөртүүлөр киргизилгени менен көрсөтүп коюшат. Бул жерде укуктук ченемди колдонууда эч кандай маселе чыкпайт. “Мыйзам артына иштебейт” деген жүйө болсо, анда эмне экс-президент А. Атамбаев мыйзам процедуралык жактан толук өзгөрсө деле чексиз кол тийбестик укугу менен отура бермек беле. Бул укукка дагы, акылга дагы сыйбайт.

Курманкул Зулушев, ЖК депутаты:

– “Бул мыйзам 2007-жылдын апрель айынан баштап иштейт” деген ченемди атайын киргизүүнүн себеби 2003-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдагы 12-берененин мазмунун ичине камтыган ченем 2007-жылдагы өзгөртүү учурунда толугу менен алынып салынган. Ошондуктан Баш мыйзамды негиз кылып, биз мына ошол арткы мөөнөттү киргиздик. Ал эми мыйзам өзү 2012-жылы алынып салынып, күчүн жоготкон. Эгерде мыйзам өзү Баш мыйзамга каршы келсе жана иш жүзүндө күчүн жоготкон болсо, анан кантип аны шайкеш келтирүү ченемдери артына иштебей калсын? Ошондуктан мыйзам чыгаруу органы анын 2007-жылдан бери колдонулушун белгилеп коюшу керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: