525 миң 105 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев өкмөттө өткөн онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен:
– жергиликтүү бюджеттин эсебинен – 64 миң 497 үй-бүлө;
– демөөрчүлүк жардам аркылуу – 285 миң 538 үй-бүлө;
– Социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебинен – 26 миң 616 үй-бүлө;
– Өкмөттүн токтомунун негизинде – 148 миң 454 үй-бүлө;
Ал белгилегендей, атайын түзүлгөн комиссия гуманитардык жардамды бөлүштүрүү менен алектенди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ