Президенттик шайлоо жакындаган сайын президент Алмазбек Атамбаев кимди мураскер катары чыгарат деген актуалдуу маселеге айланды. Өзгөчө ажо «Мен эч кимди мураскер катары көрбөйм, ким өлкө башчысы болот аны эл чечет» – деген билдирүүсү шайлоого кам көрүп жаткандардын далайынын башын маң кылды. Кээси ишеним артса, Каныбек Иманалиевге окшогон айрымдар бул деген жомок дешип сынга алышты. Ырасында коомчулуктун арасында бийлик мураскер катары кимге токтолот деген маселеге олуттуу маани берилип жатат. Ошондон улам, президент мураскер чыгарбайм деген менен КСДП президентгикке талапкер чыгарбайм деп айткан жок да КСДП кимди сүрөөнгө алса, ошол президенттин мураскери болот деген кептер айтылып жатат. Бийликтин эки тизгин, бир чылбырын кармап турган КСДП кимге токтолот азырынча белгисиз…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ