Menu

Жанат Бейшенов, Транспорт жана жолдор министри: “Башкаруунун рыноктук принциптерине өтүү – жол тармагын реформалоодо министрликтин стратегиялык вектору”

Бөлүшүү:

Акыркы 20 жылда Кыргыз Республикасы республиканын автомобиль жолдорун өнүктүрүугө өзгөчө көңүл буруп жатат. Негизинен, жол тармагын жакшыртуу боюнча каржылоо эки булактан аткарылып жатат – республикалык бюджеттен жана дуйнөлүк финансы институттарынын кредиттик ассигнацияларынан. Кандай жетишкендиктер жана кандай жумуштар аткарылып жаткан боюнча КР Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен маек.

—Жанат мырза, 2018-жылы жол тармагында республикалык бюджеттин эсебинен кандай негизги иштер аткарылган?

—Автомобиль жолдорун республикалык бюджеттин эсебинен орточо жана капиталдык оңдоп-түзөө боюнча мамлекеттик капиталдык салымды эсепке алуу менен асфальтбетон төшөө 251,2 кмде аяктаган, анын ичинде,«Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду» 52,0 км жолго, өлкөнүн региондорун өнүктүрүү алкагында – 82,4 км жолго асфальтбетон төшөлгөн. 130 кмде үстүнкү бодурлоо иштеп чыгуу жүргүзүлдү. 13,9 кмге кара шагыл төшөлдү, 110,9 кмге шагыл төшөлдү. Мындан тышкары 14 көпүрө курулду.

—2019-жылдын биринчи кварталына кандай иштер каралган?

—2019-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттен жол тармагын жалпы каржылоо 341,0 млн. сомду же каралган бюджеттин 18,2 %ын түзөт. Күнүмдүк бюджет боюнча 2019-жылдын 1-кварталында автомобиль жолдорун кышкы тейлөө жана жол-курулуш сезонуна даярдануу иштери 281,3 млн. сомго аткарылган. Февраль айында курулуштун титулдук тизмеси 1 963,3 млн. сомго бекитилген, анда автомобиль жолдорун капиталдык жана орточо оңдоп-түзөөгө төмөнкү негизги иштерге 1002,3 млн. сом каралган:

• асфалтбетон төшөө – 126,2 км;

• үстүңкү бодуракай иштеп чыгуу – 183,9 км;

• кара шагыл төшөө- 24,2 км;

• шагыл төшөө- 127,1 км;

• 7 көпүрөнү куруу, узундугу 105,3 п.м.;

• 40 көпүрөнү жана курулмаларды оңдоп-түзөө жана бекемдөө, узундугу 182 п.м.;

• цементбетон төшөө (пилоттук долбоор) 5,5млн. сом;

• оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү жана бекемдөө иштери 31,7 млн. сом суммасында;

• Даярдоо иштери жана ЛЭПти куруу (галерея 246 км Бишкек-Ош а/ж) 8,0 млн. сом суммасында;

• Жол белгилери 120 км;

• Жүк октук барьердик тосмолор 5 км;

• 2 даана светофор орнотуу ж.б.

Күнүмдүк оңдоп-түзөө, кышкы, жайкы тейлөө жана административдик башкаруу кызматкерлерине тейлөөгө 632,9 млн. сом каралган.

Белгилүү болгондой, жол оңдоп-түзөө жана курулуш иштери апрель айынан башталат. Азыркы учурда күнүмдүк оңдоп-түзөө толук жүргүзүлүп жатат. Битумду сатып алууга тендер жүргүзүлдү жана 7 лоток боюнча келишимдерге кол коюлду.

Белгилүү болгондой, былтыркы жылдан бери алыскы райондордо жана облустун борборлорунда кенен асфальт жолдор салынды. Үстүбүздөгү жылы ар бир райондук борбордо 3 км автожолго республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлдү. Ошону менен катар биздин министрлик өлкөнүн жол тармагын жакшыртуу боюнча бир канча багытта иштеп жатат. Анын ичинде инвестицияларды тартып келүүнүн жана республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.

—2019-жылдын 19-апрелинде Бишкекте “Жол тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү» боюнча конференция өттү. Ал жерде эмне маселелер каралды?

—Өнүгүү боюнча шериктештерибиздин бири Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк, Эл аралык кызматташтыктын Япон агенттиги, Евразия өнүгүү банкы, Европа банкынын колдоосу менен биздин республиканын аймагы боюнча өткөн эл аралык транспорттук коридорлорду куруу жана калыбына келтирүүгө маанилүү каражаттар бөлүнүп берилген. Акыркы 20 жылда Кыргыз Республикасы республиканын автомобиль жолдорун өнүктүрүүгө 2 млрд. 456 млн. АКШ долларын алган, бул республиканын дүң продукциясынын (ВВП) 32%ын түзөт.

Калыбына келтирилген жолдордун узундугу жыл сайын өсүп бара жатат, ал эми ага бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын көлөмү 12 жылдан бери өзгөрбөгөндүгүн эске алуу менен жолдорду тейлөө жыл өткөн сайын кыйындоодо жана аларды ченемдүү деңгээлде сактап турууга мүмкүндүк жок болуп жатат.

Биз түзүлгөн кырдаалды талдап көрүп, өлкөнүн ички мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен зарыл болгон эсеп-кысаптарды жүргүздүк. Азия Өнүгүү Банкынын жардамы менен жол тармагын башкаруу системасын реформалоонун Концепциясын даярдадык. Башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иштер туруктуу жүргүзүлөт, бирок, биз башкаруунун рыноктук принциптерин киргизүү менен системага түпкү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ичине камтыган чараларды кабыл алууга убакыт жеткенин түшүнүп турабыз. 4-5 жыл ичинде бюджеттик түз каржылоодон аткарылган жумуштарга төлөөгө өтүүнү сунуш кылабыз. Бул убакыттын ичинде биз мамлекеттик түз башкаруудан өндүрүштүк жол уюмдарын чыгаруу боюнча зарыл болгон ыңгайлуу шарттарды түзөбүз жана аларды акционерлештирүү багытына бурабыз.

Жол тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү акыркы натыйжасында жол ишмердигин ишке ашырууда коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуга жана кызыкчылыктардын карама-каршылыгын жок кылууга багытталган. Белгилей кетүү керек, реформалоону ишке ашыруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлүп жатат, мисалы, жыйымдарды чогултуунун электрондук системасын киргизүү, бул өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча жол картасынын бир бөлүгү жана жол тармагынын менеджментин жакшыртуунун негизги инструменттеринин бири болуп эсептелет.

—Инвестициялык долбоорлордун эсебинен кандай иштер аткарылды?

—Белгилүү болгондой, биздин өлкөдө Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу эң зор мегадолбоорлордун бири болуп эсептелет. Деңиз деңгээлинен 2600 метр бийиктикте тоннель, узундугу 1400 метр эскадалык көпүрөлөрдү куруу, ар кандай көлөмдөгү тегерек жана түз бурчтуу түтүктөрдү жантаймага орнотуу караштырылган. Эстакадалык көпүрөлөрдүн таянычтарын орнотуу 40 метр тереңге кетет, көпүрөнүн таянычтарынын бийиктиги 36 метрге жетет. Түтүктөрдүн бекемдигин камсыздоо үчүн кеңдиги 5-6 метр бийиктиктеги таяныч дубалдары орнотулган.

Аталган жол жаңы технологиялар менен курулуп, бир жүк огуна 11,5 тонна жүк көтөрүмдүүлүк жана асфальтбетондун калыңдыгы 15 см ге жетет, ошонун өзүндө үстүңкү катмары шагыл-мастикалык асфальтбетон менен жабылган, бул Кыргызстандын кескин континенталдык климат шарттарында жаңы жана көбүрөөк туруктуу материал болуп саналат.

Бул объектиде жумуштарды аяктоо менен, жана биз белгилегендей, өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген жолубуз иштей баштайт. Туура айтып жатасыз, былтыр ал жерде узундугу 3,8 км болгон тоннелдй куруу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Түштүк порталдан – 762 метр, штольня – 899 метр, түндүк порталдан – 1353 метр, штольня – 1729 метр казылып өткөн. Долбоорлонгон участкада 2 эстакадалык көпүрө курулуп жатат, б.а., 282км де узундугу 1076 м көпүрө курулууда, бул жерде 76 свайдын 65и куюлду, ошондой эле, 23 таяныч, орточо бийиктиги 15 метрден курулууда. Биринчи таянычты куруу аяктады. Ошондой эле, 19 коробкалуу устундар бетондолду.

Экинчи эстакадалык көпүрө 285кмде курулуп жатат, анын узундугу 396м. Бул жерде 38 свая куюлду, 19 таяныч, орточо бийиктиги 20 метрден курулду. 53 коробкалуу устундар бетондолду, 28 устун монтаждалды (7 өткөөл, ар бири 150 метрден). Үстүбүздөгү жылы Түндүк-Түштүк альтернативалуу автомобиль жолунда курулуш иштери улантылып жатат. Түндүк-Түштүк альтернативалуу автомобиль жолун куруу долбоору – экинчи техникалык категориядагы, жер кыртышынын кеңдиги 15 метрди түзөт, эки катмар асфальтбетон төшөлгөн, жаратылыш шарттары катаал тоолуу жана оош-кыйышы көп жана чыйыр жол түшпөгөн жерлерде улантуу менен, ошондой эле, топурактын катуулугу ар кандай, анын ичинде, зоокалуу жерлер боюнча жаңы жолду куруу болуп эсептелет. Мурда калыбына келтирилген жолдорго караганда жер полотносунун кеңдиги 12 метрден 15 метрге чейин көбөйтүлгөн, өтүүчү бөлүгү 7 ден 7,5 метрге узартылган, бекемдөөчү тилкелери 8 метрден 9 метрге чейин, буга ылайык суу өткөрүүчү түтүктөр да узартылат. Калк жайгашкан пункттардын чегинде 4 тилкелүү өтүүчү бөлүгү караштырылат, тротуарлар, аялдамалар, күркөлөр көп орнотулат жана аймак жашылдандырылат.

—Башка обьекттердеги иштер кандай жүрүп жатат, өзгөчө эл аралык автомобиль жолдорунун участкаларында?

—Былтыркы жылы Кыргызстандын Чүй областынын Бишкек—Кара-Балта автожолун калыбына келтирүү боюнча жумуштар улантылды.

Бишкек – Нарын – Торугарт автожолун калыбына келтирүү долбоору боюнча (АӨБ) Ислам Өнүгүү банкынын үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, ошондой эле, Нарын областынын Нарын жана Кочкор райондорунун айылдарынын ички жолдорунда 29,8 км асфальтбетон төшөлгөн. Эл аралык автомобиль жолдорунун бардык маршруттары боюнча жумуштар улантылууда.

Азыркы учурда Ислам Өнүгүү банкы тарабынан каржыланган “Ош—Баткен—Исфана», 75-108 км автожолун кайра куруу” долбоору ишке ашырылып жатат, курулуш иштеринин жүрүшүнө техникалык көзөмөлдү «Спектрум» (Ливан) кеңеш берүү компаниясы жүргүзөт. Бул долбоордун алкагында «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет»(подрядчы) компаниясы 2019-жылдын 1-февралынан баштап суу өткөргүч түтүктөрдү жана көпүрөлөрдү куруу боюнча иштерди кайрадан башташты. Азыркы учурда жол-курулуш техникаларынын 12 бирдиги ишке киргизилди жана 62 жумушчу ишке тартылды.

—“Бишкек-Ош” азыркы учурда иштеп турган жолунда «Сосновка» жана «Кара-Көл» КПП тоннелдери аркылуу өтүү үчүн төлөмдөрдү алууну уюштуруу системасын киргизүүдөн кийин транспорттук чөйрөдө абал жакшырдыбы?

—2018-жылы Бишкек-Ош автожолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарында төлөм терминалдарын, видеокамераларды жана автоматтык шлагбаумдарды пайдалануу менен “Тоннелдер аркылуу өтүү үчүн төлөмдөрдү алууну уюштуруу системасы” киргизилген. Посттордо төлөмдөрдү накталай эмес карталык төлөм менен жүргүзүү үчүн 12 пост-терминал орнотулган жана иштеп жатат. Азыркы учурда, Бишкек-Ош автожолунун Мамлекеттик дирекциясынын борбордук аппаратында туруп системада онлайн-мониторинг жүргүзүү жана АТСда категорияларды жана мамлекеттик номерлерди айырмалоо мезгилинде ар бир пункт боюнча эсеп-кысапты тариздөө мүмкүнчүлүгү бар.

«Сосновка» жана «Кара-Көл» КППда тоннель аркылуу өтүү үчүн төлөмдөрдү алууну уюштуруу системасын киргизүү келечекте өтүү үчүн жыйымдарды 1,5 эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк түзөт. Азыркы учурда жылына 60 млн. сомго чейин жыйымдар чогултулат, 2019-жылдан баштап аны 90 млн. сомго жогорулатуу пландаштырылууда.

Ошондой эле, 2018-жылы узундугу 907 км келген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун паспорттоштуруу жүргүзүлгөн. Анын ичинен Чүй облусу боюнча 604 км, Бишкек-Ош автожолунун Мамлекеттик дирекциясынын линиясы боюнча 303 км.

“Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабын ишке ашыруу алкагында 2019-жылдын 12-февралынан өнөр жай режиминде Бишкек шаарынын 10 кесилишинде жана Бишкек—Ош жана Бишкек—Нарын—Торугарт автожолунун 17 чек ара пункттарында (АПК) Аппараттык-программалык комплекстер иштей баштады. Андан сырткары, Бишкек—Чалдовар, Бишкек—Кордай, Бишкек—Торугарт автожолдорунда бардыгы болуп 48 участкада АПК орнотулат. Азыркы учурда долбоордун 1-этабын ишке ашыруу боюнча бардык участкаларда жол уюмдары тарабынан АПК чекитинен баштап жолдун эки тарабына тең 100-150 метр боюнча жол белгилери коюлган, ошондой эле, АПК бар экендиги жөнүндө жол белгилери да орнотулган.

—Темир жолдо иштер кандай уюштурулуп жатат?

—2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз темир жолунда темир жолдун үстүңкү курулушунан 24,1 км жаңыртылды. 2018 -жылы туризмди өнүктүрүү максатында «Ташкент-Балыкчы» сезондук маршруту ачылган. Бул жол менен жайкы сезон учурунда Өзбекстандан келген эс алуучулар Ысык-Көлгө келип эс алышат, кыргызстандыктар турист катары Ташкентке барып келсе болот.

«Кыргызтемиржолу» УКМИсынын 2019-жылга милдеттеринде региондорду өнүктүрүү боюнча иштерди аткаруу камтылган, ага Кыргыз темир жолунун Түштүк бөлүмүнүн потенциалын кеңейтүү, Кыргыз темир жолун кайра куруу, жүк ташуучу жана жүргүнчү ташуучу вагондордун паркын толуктоо маселелери жана «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан», «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жол магистралдарын куруу долбоорлорун андан ары жылдыруу кирет.

—Жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатат?

— “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” КР Президентинин Жарлыгынын жана 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын алкагында «Манас» ААКка караштуу бир катар аэропортторду кайра курууну аяктоо боюнча иштер пландаштырылган эле.

Былтыркы жылы «Манас», Ош жана Ысык-Көл эл аралык аэропортторун кайра куруу боюнча жумуштар аяктаган. Кербен жана Исфана регионалдык аэропортторунда, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында «Манас» аэропорту тарабынан алардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жумуштар улантылууда.

—2019-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы өзүнө кандай өзгөчөлүктөрдү камтыйт?

—2019-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон. Көрсөтүлгөн документке өзгөртүүлөр жарандык авиацияны өнүктүрүү, авиатранспорттук жүргүнчү жана жүк агымын көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жеткиликтүүлүктү күчөтүү жана чет өлкөлүк туристтердин эл аралык авиациялык маршруттарга “Абанын бешинчи боштугу укугуна” бир тараптуу жарыялоо аркылуу жетүү максатында киргизилген.

Кыргыз тарап авиажүк ташүү рыногун либералдаштыруу максатында Кыргыз Республикасына эл аралык учууларды жүргүзүүгө ниет кылган бардык мамлекеттерге  “Абанын бешинчи боштугу” укугун бир беткей тартипте берди.

Бул кадам жаңы авиарейстерди ачууга жана жүргүнчү агымынын улам көбөйүүсүнө өбөлгө түзөт деп болжолдонууда. Демек, ал, атамекендик туристтик тармактын өнүгүүсүнө оң таасирин берет. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттерге түз учууларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

“Абанын бешинчи боштугун” ишке ашыруунун үлгүсү катары Түрк авиалинияларынын Стамбулдан Бишкек аркылуу Улан-Баторго учууларды аткарып жаткандыгы күбө болот.

—Авиакомпанияларды ИКАОнун “Кара тизмесинен” чыгарууга карата көп суроолор бар экенин билем. Бул багытта кандай чаралар кабыл алынып жатат?

—Авиажүк ташуу рыногун либералдаштыруу жолу менен жарандык авиацияны андан ары өнүктүрүү максатында КР Өкмөтү 2017-жылдын 18-августундагы №354-6 буйругу менен авиажүк ташуу рыногун либералдаштыруу жолу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Кадамдык планын бекиткен. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Жарандык авиация агенттигин (ЖАА) каржылоону көбөйтүү маселеси чечилип, инспекторлордун айлык маяналары 100%, административдик кызматкерлердин айлык маяналары 50% көбөйтүлгөн. Бардык бул иш-чаралар ИКАОнун аудитинин эскертүүлөрүн жоюуга багытталган. Андан сырткары, бир мезгилде ЖААнын инспекторлорунун жана тармактын адистеринин көп санын бир мезгилде окутуу үчүн семинарларды өткөрүүгө эл аралык эксперттер чакырылат.

Бул иштердин жыйынтыгы боюнча ИКАОнун эксперти тарабынан КРнын авиакомпанияларын Европа Биримдигинин “Кара тизмесинен” чыгаруу максатынла Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн иштер боюнча оң баа берди.

Ошондой эле, 2019-жылдын 8-апрелинен 12-апрелине чейин ИКАонун аудити жетишкен ийгиликтер боюнча жана корректировкалык иш-чаралар боюнча маселелерди карап кети.

—Жакынкы арада Франция Республикасы тарабынан кызматташууга кол коюлду. Ошол тууралуу айтып берсеңиз?

—Белгилүү болгондой, 2016-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жана Франция Республикасынын Экология, энергетиканы туруктуу өнүктүрүү алдындагы жарандык авиациянын башкы башкармалыгы, туруктуу өнүгүү министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүү тууралуу Меморандумга кол коюлган. Ушул меморандумдун негизинде Жарандык авиация агенттигиңин 7 инспектору, “Кыргызаэронавигация ” Мамлекеттик ишканасынын 2 кызматкери Тулуза шаарындагы Франция Мамлекетинин Жанардын авиация Улуттук мектебинде курс өтүп келишти. Бул курска барып окуу каражаттарына, жолго кеткен чыгымдын баары француздар тарабынан болгон. Айтылган курста көбүнчөсү аэронавигация тууралуу окутулган. Биздин Жарандык авиация негизинен ушундай окутуу, тренинг, курстарга өтө муктаж. Ушул жылдын 19-апрелинде Европа жана Франция Республикасынын тышкы иштер министрлиги менен авиациянын коопсуздугу боюнча кызматташуу тууралуу декларацияга кол койдук.

—“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасын жакшыртууда кандай стратегиялык милдеттенмелер коюлду?

—Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясында “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын аэропотторунда аэронавигациялык оборудованиелерди жакшыртуу боюнча тапшырма берилген. Азыркы учурда стратегмялык милдетти аткаруу үчүн аэропорттордогу аэронавигациялык жана метеорологиялык жабдыктарды модернизациялоо иштерин аткарып жатабыз. Бул иш өтө чоң акча каражатын талап кылаары маалым. Тапшырманын негизинде Ош аэропортунда булуттардын алдыңкы чегин текшерүү датчиги жана шамалдык багытынын ылдамдыгын текшерүүчү датчиктер сатып алынып орнотулду. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ысык-Көлдегу метеорологиялык жабдуулар 255 курсуна жылдырылды.

Маектешкен: Мирбек Эсенгулов

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: