Menu

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: Кыргызстанда тамак-аш продуктуларынын жана товарлардын запасы жетиштүү. Тынчсызданууга жана массалык сатып алууларга негиз жок

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасында азык-түлүктөрдүн, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү. Бүгүнкү күндө тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.
Ал тамак-аш продуктуларын жана товарларды өндүрүү жана ташуу үзгүлтүксүз, кадимки режимде жүрүп жатканын баса белгиледи.
«Айрым базарларда жана кээ бир дүкөндөрдө суроо-талап өсүп, азык-түлүктөрдү массалык түрдө сатып алуу жүрүүдө. Бул айрым адамдардын аракеттеринин кесепети деп ойлойм. Тилекке каршы, кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөн жактар чыгууда. Биз бул аракеттерди туура эмес деп эсептейбиз, бул коомго жана мамлекетке зыян келтирет. Азык-түлүктөрдүн, калктын күнүмдүк керектөөсүндөгү негизги товарлардын, эң биринчи кезекте керектелген жана тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү», – деди Эркин Асрандиев.
Вице-премьер-министр ошондой эле айрым адамдар ундун запасына байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратып жатканын белгиледи.
«Айрымдар Казакстанда чек ара жабылды, унду ташып келүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген ушактарды таратууда. Казакстан менен чектешкен чек ара жабылган жок. Вируска байланыштуу болгону эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүү тартиби өзгөрдү. Жүк жана товарларды ташуу мурдагыдай эле штаттык тартипте жүрүүдө», – деди Эркин Асрандиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: