18 жылдан бери абакта отурган журналист, 63 жаштагы Мухаммад Бекжан 22-февралда түрмөдөн чыкты. Мухаммад Бекжан 2011-жылы абактан чыгаарына бир ай калганда кошумча айыптар коюлуп, жаза мөөнөтү 4 жыл 8 айга узартылган. Бул мөөнөт аяктап, Мухаммад Бекжан Заравшандагы абактан чыкты.
Мухаммад Бекжан Өзбекстандын оппозициялык партиясынын лидери Мухаммад Солихтин иниси жана “Эрк” гезитинин баш редактору болгону үчүн узак мөөнөттүк абакка кесилгенин укук коргоочулар айтып келишкен. Ал 1999-жылдагы Ташкендеги жардыруулар боюнча айыпталган.
Өзбекстандагы АКШ элчилиги Мухаммад Бекжандын бошотулушун кубаттап, өзбек бийлигин узак мөөнөттөн бери түрмөдө отурган журналисттерди, активисттерди жана диний себептерден улам камалгандарды бошотуу жараянын улантууга үндөдү.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ