Жети жаштагы кыргызстандык Барсбек Ажибаев Россиянын “Лучше всех” шоусуна катышты. Мекендешибиз катышкан шоу Россиянын Биринчи каналында 13-декабрда көрсөтүлдү.
Бала үч жашынан баштап курулушка кызыгып келет. Ал курулушка тиешелүү нерсенин бардыгын билет. Ошондой эле, кыялындагы асман тиреген имаратты ойлоп тапкан.
Барсбек Москвадагы Химки районунда жашайт, бирок анын жакындарынын көпчүлүгү Кыргызстанда. Программанын аягында ал Ысык-Көлдөн келген туугандарына салам айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ