Menu

Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстан КМШны реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле жасоону жактайт»

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-июнда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин Бишкектеги жыйынына катышып жаткан делегациялардын башчылары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы делегация башчыларын кыргыз жергесинде чын дилинен куттуктады. «Бүгүн КМШда төрагалык алкагында Кыргызстан КМШ өкмөт башчылар Кеңешинин юбилейлик жыйынын өткөрүп жатат. Мен ишиңиздерге ийгилик каалап, жемиштүү өткөрүп алууңуздарды тилейм», – дед Атамбаев.

Президенттин сөзү боюнча, КМШнын 25 жылдык юбилейинде Шериктештикке төрагалык кылуу ардактуу миссиясы Кыргызстанга буюруп отурат. «Быйылкы жылдын сентябрында Бишкекте Шериктештикке мүчө мамлекет башчыларынын катышуусу менен КМШнын юбилейлик саммити өтөт. Албетте, мен сиздердин жана Уюмдун секретариатынын албан аракеттерине жараша Бишкек саммитин жакшы өткөрөбүз деген үмүттөмүн. Уюмду трансформациялоо зарылдыгы жана КМШнын тармактык органдарын реформалоо жөнүндө сунушту Кыргызстан колдогонун билесиздер», – деди Атамбаев. Ошону менен катар бардык чечим так жана кынтыксыз эсептелип, алгылыктуу болушун көздөп, Кыргызстан КМШны реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле жасоону жактарын белгиледи.

Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга Азербайжан премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы, Армениянын биринчи вице-премьер-министри Ваче Габриелян, Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстандын премьер-министри Карим Масимов, Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Молдованын премьер-министри Павел Филип, Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Түркмөнстан Министрлер кабинетинин төрагасынын транспорт жана байланыш боюнча орун басары Сатлык Сатлыков, Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов жана КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: