Menu

Түбөлүктүү наристенин образына айланган Жеңишкан эне

Бөлүшүү:

Адабият таануу илиминин чыгарманын жазылыш таржымакалын иликтеген ары кызыктуу, ары түйшүктүү тармагы бар. Анда адабий чыгарманын жазылыш тарыхы, кол жазмалары, стили, айтор, толгон-токой маселелердин ашташкан жери каралат. Чыгармачылыктын психологиясы менен байланышкан маселени ушул өңүттөн алып караганда, Алыкул Осмоновдун өмүрү жана поэзиясы көп суроолорго жем таштайт. Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясында жана белгилүү жазуучу, журналист М.Тентимишов тарабынан даярдалып, А.Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналып, катар-катар чыгарылган энциклопедиялардын материалдары А.Осмоновдун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланыштуу дагы көп белгисиз материалдар бар экенин далилдеди. Көрсө, буга чейин А.Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө жазып жүргөндөр айсбергдин суу үстүндөгү көрүнүп турган бөлүгүнө эле кайрылып, суу астындагы негизги бөлүгүнө, тереңине кире алышкан эмес экен.

Мунун бир мисалы коомдук-саясый “Азия Ньюс” гезитине (09.06.2016-ж) жарыяланган:

“Жашооңуздун өчкөн менен чырагы,

Алыкулдун жашайсыз сиз ырында” аттуу материал болду. Андагы козголгон маселелер мени көп ойго салды. Анда Алыкулдун “Жеңишкандын атасы” деген ырынын протатиби болгон Жеңишкан Курманбай кызынын дүйнө салгандыгы жөнүндө баяндалыптыр. Бул багытта сөз учугун улаардан мурда, бир лирикалык чегинүү зарылдыгы чыгып отурат.

Кыргыз адабиятында поэзияны бийликтин куралы катары пайдаланып, Ленин, партия, Октябрь, Коммунизм, Эмгек деген темалардагы ырларды жазып, күргүштөтүп калем акы алып, байлык топтоп, мансап күтүп, адабият жөнүндө жалган иллюзиялар менен жашаган авторлор 30-40-жылдары оголе көп болгон. Чаалыкпаган мээнеткечтиги, темирдей бекем эрки менен жеке керт башынын мүшкүлдөрүн жеңе билип, чыгармачылык эрдик жасап, эстетикалык ачылгалары менен 40-жылдары кыргыз акындарынын баарынан озуп, алдыга суурулуп чыгып, кыргыз поэзиясын жаңы деңгээлге көтөргөн А.Осмонов болгон. Бул жаңылыкты адегенде Ясыр Шиваза менен Кайсын Кулиев, Темиркул Үмөталиевдер байкап, колдоп, жылуу пикирлерин айтышкан. Себеби, ошол мезгилдеги саясатташкан турмушту кооздоп көрсөткөн, жасалма ырлардын алкагында турмушту реалдуу сүрөттөгөндүгү менен айырмаланган Осмоновдун ырларынан айрыкча, кан кечип, майдандан жаңы кайтып келген жоокер акындар К.Кулиев менен Т.Үмөталиев жаңы дүйнөнү ачкандай эле болсо керек. Ошондой өзгөчө көз кайкыган бийиктиктеги, эстетикалык ыраңы сүйкүмдүү “көрүнбөй жанып турган жалыны бар” А.Осмоновдун ырларынын бири “Жеңишкандын атасы” болуп саналат. Эми ушул ырдын жазылыш тарыхына келели. Белгилүү жазуучу, журналист М.Тентимишов Алыкул Жеңишкандын атасы Курманбай Черикчиев менен кандайча таанышып, байланышып калганы жөнүндө айтып келип, мындай деп жазат: “… акын 1946-жылдын күзүнөн тарта такай Чолпон-Атага келип жашап, ошол жердеги балдар санаториясынын өзүнө ылайыктуу бир бөлмөсүндө айына алтын, күнүнө күмүш таап, далай-далай “өлбөй турган” жакшы ырларды “бутунан өөп” жөнөтөт. Санаторияга жакын туштагы секичеге салынган жапыз тамдын көп бүлөлүү ээси Курманбай Черикчиев деген колунан көөрү төгүлгөн жыгач устанын үйүнө күнүнө үч маал илкип басып келип, кебин тыңшаган, жыгач жонгон өнөрүн көрүп, ашын ичкен каалап күткөн адамы болот. Жыгачтан аяк, табак жасаган устачылыгы үчүн эл “Курманбай кырмачы” деп атаган. Андан тышкары, ээр чаап, табыпчылык кылып, жылкы баласын жанындай көрүп, жасалгалуу жабдыкчан ат минип, эл аралап бастырганды жактырган улама, санжыра кептерди көп билген бул акылман, сыр билги сөөлөттүү карыя…”. Сыягы бул тааныштык акын үчүн өтө пайдалуу болгондой. Колунан көөрү төгүлгөн уста жаны тынбаган мээнеткеч карапайым адамдын эски сөздү билген сөзмөрлүгү, оорулуунун жайын билген табыпчылыгы, ата наркын билген салабаты акынга катуу таасир берип, терең ойго салгандай. Курманбай карыядан акын ошол мезгилдин баатырынын образын көрөт. Ошон үчүн ал лирикалык каармандын “чокою да алтын болуп көрүнүп” турат акынга. Бул ырда акын мээнети кайткан, ак эмгектен баар тапкан замандын баатыры катары:

“Атак берип кылган иштин тазасы,

От чыгарып минген аттын такасы.

Караңгыда ооздугу шалдырап,

Аттан түшкөн Жеңишкандын атасы”, – деп акын баатырды өтө колориттүү сүрөттөйт. Ошол мезгилди да акын баардык кыйынчылыгы, өзгөчөлүгү менен бурмалабай, таамай сүрөттөйт. Бир жагынан акын Курманбай карыянын эмгекчил, нарктуулугуна суктанып, даңазаласа, турмуштун кыйынчылыгын дагы өзүндөй бере алган:

“Үй ичинде алсыз күйүп май чырак,

Сөз сүйлөнбөй үнсүз болуп бир убак” деп акын оор мезгилдин белгисин да таамай деталдар менен бере алган. Аргасыздан бүлбүлдөгөн чыракты тегеректеп, үнсүз отурган согуштан кийинки элдин жоон созулуп, ичке үзүлгөн кыйынчылык, каатчылык учуру көз алдыга тартылат. Автор тарабынан (өкмөттөн эмес) баатыр наамын алган лирикалык каармандын маңдайы жарыла сүйүнгөн абалы психологиялык жактан өтө таамай берилген:

“Баатыр ойлуу, сыймык көлбүп, сый толкуп,

Даражасы бой жетпес зоо окшотуп”, – деп берилет. Андан кийинки:

“Жүрөк жараар көкүрөктө ташкының,

Балдан ширин бала жыты токтотуп”, – деген саптардан ошол баатырдын атак-даңкынан, сыймыгынан “балдан ширин бала жыты” жогору тураарын акын баса белгилейт. Бул саптар жогоруда сөз болгон Курманбай атанын кызы Жеңишкандан алган таасирден улам чыккан болуу керек. Себеби, акын Курманбай карыянын үйүнө каттап баштаганда анын көкүрөк күчүгү Жеңишкан 2 жашта экен. Жеңишкан эне там-туң басып, тили чыгып калган кезде, наристенин кылык-жоругуна ичи элжиреп, акын ага мээримин төккөн чыгаар. Ошол үчүн бул саптар өтө табигый чыгып, баланын балдай ширин тилинин таасирин, күчүн акын теңдешсиз күчкө салыштырып жатат. Балалыктын таттуу дүйнөсүнө катуу таасирленген акын ырын да наристенин атынан атап жатканы бекеринен эмес. Акын балалыктын булактай тазалыгына, периштедей ыйыктыгына таазим кылган.

Улуу акындын ырында түбөлүктүү наристенин образына айланган Жеңишкан эне турмушта жакшы үй-бүлө күтүп, турмуштун баардык кыйынчылыктарын көтөрүп, ачуу-таттуунун даамын татып, өмүр бою адал эмгеги менен талбай эмгектенип, уулдарын Урумга, кыздарын Кырымга жеткирип, бактылуу өмүр сүрүп, нарктуу эне катары артына жакшы из калтырыптыр. Жеңишкан эне бармактайынан багып чоңойткон тун небереси Калыгул Бейшекеев тили жатык, курч, калыс макалалары менен окурмандардын кыйырына кеңири таанылган, келечегинен көптү үмүттөндүргөн белдүү журналисттердин бири.

(Бул материал тээ жай саратанында эле жазылган. Калыгул иним энесинин Бейит Башын” өткөрүп, Куран окутканы кетип жатам дегенинен эскерүү катары ушул тажия учуруна ылайыкталып, жарыяланды.)

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты              

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: