Menu

Өкмөттө жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Премьер-министр белгилегендей, жол коопсуздугун камсыздоо маселеси бүгүнкү күндөгү бирден-бир актуалдуу маселелердин катарына кирет.

Комиссия мүчөлөрүнүн алдында сөз сүйлөөдө Сапар Исаков өлкө жарандары жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматкерлердин ортосундагы өз-ара мамилелер тыкыр жөнгө салынышы керектигин белгиледи.

«Кайрадан түзүлгөн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери өлкө жолдорунда кызмат өтөөдө бийлик өкүлү катары конкреттүү милдеттерди аткарат. Буга байланыштуу өлкө жарандары аларга карата тийиштүү мамиле кылуусу шарт. Жарандар жана башкы башкармалык кызматкерлери өз укуктарын так билип, бири-бирине сый мамиледе болуусу зарыл», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Исраилов жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын түзүмдөрүн реформалоо жана учурдагы иштин негизги жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 11 айында жол кырсыгында каза болгондордун саны 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,3% төмөндөп, республика боюнча жол кырсыгынын жалпы саны 9,9% га жогорулаган.

Улан Исраилов билдиргендей, көптөгөн жол кырсыктардын себеби катары айдоочулар тарабынан аң-сезимдүү түрдө жол эрежелерин одоно бузуусу жана айдоочулук кадрлардын төмөнкү деңгээлдеги даярдыгы саналат.

«Жол кырсыгынын 83%ы айдоочулардын күнөөсүнө байланыштуу, алардын катарына ылдамдык режимин жогорулатуусу, буйтап айдоо эрежелеринин бузулушу, карама-каршы кыймыл тилкесине чыгуу жана унааны мас абалында башкаруусу кирет», – деди Улан Исраилов.

Мындан тышкары, министр кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын 11 айында 1 жылга чейинки тажрыйбасы бар айдоочулардын күнөөсү боюнча республика боюнча 335 жол транспорт кырсыгы орун алган.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев белгилегендей, буга катар жол коопсуздугунун абалын жакшыртуу, коррупциялык көрүнүштөрдү, жарандар тарабынан түшкөн арыздарды кыскартуу жана ЖКК ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча алдын-алуу чаралары кабыл алынууда.

Ал билдиргендей, атайын жарыктандыруучу элементтери менен кара-көк түстөгү жаңы форма, патрулдук автоунаалар үчүн жарыкты айырмалоочу схема, ошондой эле ЖКК түзүм кызматкерлери үчүн атайы айырмалоочу төш белги  киргизилген.

Мындан тышкары, өлкө жарандарын жол кыймылы коопсуздугунун актуалдуу маселелери тууралуу маалымдап туруу максатында башкы башкармалыктын расмий веб-сайты түзүлүүдө. Ошондой эле жарандар менен кайтарма байланышты жөнгө салуу максатында билдирмелерди  WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтүү мүмкүндүгү пайда болот.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жеке курамынын мүмкүндүктөрүн жогорулатуу максатында КР ИИМ караштуу бош орундарга кызматкерлерди алуу боюнча бирдиктүү сынак комиссиясы түзүлөт. Ошондой эле жеке курам үчүн үзгүлтүксүз негизде квалификацияны жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп турмакчы.

Буга катар ал маалымдагандай, Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча башкы башкармалыктын борбордук аппаратынын жана аймактык түзүмдөрүнүн өз-ара аракеттенүүсүнүн так вертикалы орнотулган.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө «Электрондук протокол» автоматтык маалыматтык тутумунун долбоорунун бетачары сунушталды. Премьер-министр белгилегендей, аталган долбоор алкагында административдик документтерди автоматтык түрдө түзүү максатында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлерин планшеттик компьютерлер менен камсыздоо каралууда.

Мындан тышкары, жарандар жол эрежесин бузгандар тууралуу ыкчам маалымдоосу үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Сапар Исаков белгилегендей, аталган иш-чаралар «Таза Коом» улуттук программасын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ал башкы башкармалыктын ишин санариптештирүүдө анын натыйжалуулугу бир топ жогорулаарын баса белгиледи.

Кеңешме соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын чечимлерин аткаруу тапшырылды.

Ошондой эле Өкмөт башчы ишти тартипке келтирүү жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга салмак көлөмдүк көзөмөл тутумун олуттуу тартипке келтирүүнү тапшырды.

Мындан тышкары КР жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын өз мөөнөтүндө жана тийиштүү түрдө аткара албаган министрлик жана ведомство жетекчилеринин дисциплинардык жоопкерчилигин кароо тууралуу чечим кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: